Бишкек мэриясы №238 жана №171 маршрутту өз карамагына өткөрүп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүргүнчү ташыган маршрутка. Архив
Жүргүнчү ташыган маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары бул каттамдарды Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорттук ишканасы тескейт. Мындан улам мэрия айдоочуларды кызматташууга чакырат.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык таранспорт башкармалыгы коюлган милдеттемесин аткарбай, графиктерди бузганы үчүн №238 жана №171 каттамды тейлеген фирма менен келишимди бир тараптуу бузду. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон сомдор! Маршруткаларды өкмөткө өткөрсөк канча акча түшмөк?
Маалыматка ылайык, мындан ары бул каттамдарды Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорттук ишканасы тескейт. Тагыраак айтканда, маршруткалардын багытын көрсөткөн тактайларга кошумча "М" деген жазуу болуп, ал мэрияга таандык экенин түшүндүрөт.

Мындан сырткары, жай айынан тарта №227 жана №131 каттамдар дагы мэрия менен кызматташа баштаганы айтылат. Маршруткалардын мэриянын карамагына өтүшү жүргүнчүлөр үчүн алда канча коопсуз, айдоочуларга да ыңгайлуу экени белгиленет.

Муниципалдык транспорттун айдоочулары күн сайын медициналык кароодон өтүп, унааларын жылына бир жолу техникалык кароого киргизет. Мэриянын диспетчерлери графиктин так сакталышына, айдоочунун кийимине жана транспорттун тазалыгына көз салып турат.

Эгер буга чейин жеке фирмада иштеген айдоочулар айына салыктан тышкары 5 миң сом төлөп келсе, мэрияда иштегенде эки эсе аз төлөмөкчү. Мындан улам мэрия айдоочуларды кызматташууга чакырат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0