06:10 17 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Коом
Кыскача шилтеме алуу
186 0 0

Мындан ары бул каттамдарды Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорттук ишканасы тескейт. Мындан улам мэрия айдоочуларды кызматташууга чакырат.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык таранспорт башкармалыгы коюлган милдеттемесин аткарбай, графиктерди бузганы үчүн №238 жана №171 каттамды тейлеген фирма менен келишимди бир тараптуу бузду. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары бул каттамдарды Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорттук ишканасы тескейт. Тагыраак айтканда, маршруткалардын багытын көрсөткөн тактайларга кошумча "М" деген жазуу болуп, ал мэрияга таандык экенин түшүндүрөт.

Мындан сырткары, жай айынан тарта №227 жана №131 каттамдар дагы мэрия менен кызматташа баштаганы айтылат. Маршруткалардын мэриянын карамагына өтүшү жүргүнчүлөр үчүн алда канча коопсуз, айдоочуларга да ыңгайлуу экени белгиленет.

Муниципалдык транспорттун айдоочулары күн сайын медициналык кароодон өтүп, унааларын жылына бир жолу техникалык кароого киргизет. Мэриянын диспетчерлери графиктин так сакталышына, айдоочунун кийимине жана транспорттун тазалыгына көз салып турат.

Эгер буга чейин жеке фирмада иштеген айдоочулар айына салыктан тышкары 5 миң сом төлөп келсе, мэрияда иштегенде эки эсе аз төлөмөкчү. Мындан улам мэрия айдоочуларды кызматташууга чакырат.

Тема боюнча

Милиция Бишкектеги маршрутка менен таксилерди текшерет. Себеби
Ошто маршрутка айдагандар бирдей форма киет. Сүрөт
Ош шаарында жүргүнчү ташыган маршрутка менен Honda Fit сүзүштү. Сүрөт
Маршрутка айдоочусун бет талаштыра койду делген жигиттин ким экени такталды
Белгилер:
график, багыт, маршрутка, каттам, мэрия, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ