Айыл өкмөт башчыларынын айлыгы жогорулайбы? Премьердин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда айыл өкмөт башчылары 5-6 миң сом, техникалык кызматкерлер 2000 миң сом маяна алып жатат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев парламенттин жыйынында айыл өкмөттө иштеген кызматкерлердин айылыгын жогорулатуу боюнча маселени көтөрүп, өкмөткө кайрылды.

Эл өкүлү айыл өкмөт башчылары 5000-6000 сом, клуб жетекчилери 4000, техникалык кызматкерлер 2000 миң сом маяна алып жатканын белгиледи. Мындан улам эмгек акыны жогорулатуу маселеси качан чечилерине кызыкты.

Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип, айыл өкмөт башчылары өз аппаратын каржылоо үчүн аракет кылышы керектигине токтолду.

"Ал жерден өзүнүн кирешесин көбөйтүшү керек. Азыр киреше салыгынын 15 пайызын кошуп берип жатабыз. Албетте, колунан келбей жатат деп республикалык бюджеттен бере беребиз. Бирок өздөрү кыймылдабай жатат", — деп жооп берди Абылгазиев.

Азыркы тапта Жогорку Кеңеште 2019-2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамы каралып жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0