Милиция жумушка чакырат. Кандай талаптар коюлган?

Жазылуу
Талапкерлер эң аз дегенде орто билимге ээ болушу, сот жоопкерчилигине тартылбаган жана бою 170 сантиметрден кем болбошу шарт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку кенже жетекчилик курамга талапкерлерди кабыл ала турганын жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, талапкерлер 19 жаштан 30 жашка чейин болуп, бери дегенде орто билимге ээ болушу кажет. Андан сырткары, сот жоопкерчилигине тартылбаган болушу шарт. Аскер кызматын өтөгөн жана бою 170 сантиметрден кем болбошу керек деген талабы бар.

Толук маалыматты (0312) 46-08-26 номерлери аркылуу алууга болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0