Абылгазиев: айдоочулар биз ойлогондой эреже бузбайт экен

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын бюджетине жол эрежесин бузуудан 1,5 миллиард сом түшөрү пландалган. Бирок аталган сумма топтолгон эмес.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Айдоочулар биз ойлогондой эреже бузбайт экен, мындан улам "Коопсуз шаар" долбоорунан түшө турган каражаттын болжолдуу суммасын кыскарттык. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-2020-жылдын бюджети боюнча баяндама жасап жатып билдирди.

Ал санариптештирүүнүн бир багыты болгон "Коопсуз шаар" долбоорун өкмөттүн эң чоң жетишкендиги катары белгиледи.

"Коопсуз шаардын" биринчи этабын ишке ашыруу аяктады. Натыйжада Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда авариялардын жана жаракат алгандардын саны эки эсе азайды. Быйыл бюджетке айып пулдан 1,5 миллиард сом түшөт деп бекитилген. Бирок андай болгон жок. Жарандарыбыз биз ойлогондой эреже бузуучулардан эмес экен. Белгилей кетели, биздин максат айып пулдардан акча чогултуу эмес! Ошондуктан бюджетке 900 миллион сомго азайтылып жазылды", — деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле долбоордун ишке кириши менен коомдук кырдаалды көзөмөлдөөгө жана кылмыштын бетин ыкчам ачууга шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0