Айыл өкмөттөрүнүн киреше салыгы жергиликтүү бюджетке калтырылат

Жазылуу
Учурда Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 79у гана өзүн-өзү каржылай алат. Кийинки жылы дагы үч жергиликтүү бийликти дотациядан чыгаруу пландалууда.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы айыл өкмөттөрдүн 82 пайызы дотацияда отурат, башкача айтканда, өзүн-өзү каржылай албайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам аларды дотациядан чыгаруу максатында 2019-2021-жылдары киреше салыгын толугу менен жергиликтүү бюджетке калтыруу пландаштырылууда. Буга чейин киреше салыгынын 50 пайызы өзүндө калып, 50 пайызы республикалык бюджетке которулчу. Ал эми 2019-жылы 70 пайызы жергиликтүү бюджетке чегерилген.

"Өкмөт мындай кадам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык маселесин чечүүгө шарт түзөт деп ишеним артат. Муну менен бирге аймактардын социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иштер жасалууда. Алсак, бүгүнкү күндө республиканын аймактарында 305,03 сомдук шыктандыруучу гранттардын эсебинен 231 долбоор ишке ашырылууда. Башка облустарга салыштырмалуу долбоорлордун көбү (57) Жалал-Абадда жасалууда", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 79у гана өзүн-өзү каржылай алат. Кийинки жылы дагы үч жергиликтүү бийликти дотациядан чыгаруу пландалууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0