ШИИБ: адашып кеткен тестиер бала милиционерлерден жардам сурап кайрылды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПомощь патрульной службы милиции Бишкека заблудившемуся мальчику
Помощь патрульной службы милиции Бишкека заблудившемуся мальчику  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу Кайгуул милициясынын алдына кол булгалап чуркап чыгып жардам сураган. Ал ошол замат Бишкек ШИИББге жеткирилген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери 3-класстын окуучусуна үйүн табууга жардам беришти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, милиционерлер Свердлов районун күзөтүп жаткан кезде кол булгалап чуркап чыккан баланы байкашкан.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаКайгуул милициясынын кызматкерлери 3-класстын окуучусуна үйүн табууга жардам беришти
Кайгуул милициясынын кызматкерлери 3-класстын окуучусуна үйүн табууга жардам беришти - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кайгуул милициясынын кызматкерлери 3-класстын окуучусуна үйүн табууга жардам беришти
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБилдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, милиционерлер Свердлов районун күзөтүп жаткан кезде кол булгалап чуркап чыккан баланы байкашкан
Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, милиционерлер Свердлов районун күзөтүп жаткан кезде кол булгалап чуркап чыккан баланы байкашкан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, милиционерлер Свердлов районун күзөтүп жаткан кезде кол булгалап чуркап чыккан баланы байкашкан
1/2
Кайгуул милициясынын кызматкерлери 3-класстын окуучусуна үйүн табууга жардам беришти
2/2
Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, милиционерлер Свердлов районун күзөтүп жаткан кезде кол булгалап чуркап чыккан баланы байкашкан
"Ал милиционерлерге адашып кеткенин айтып, маягы жанган унааны көргөндө милиция экенин түшүнүп жардам сурап чуркап чыкканын айткан. Ал Бишкек ШИИББге жеткирилип, 2010-жылкы К.А. экени белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү - Sputnik Кыргызстан
Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү. Сүрөт
3-класстын окуучусу буга чейин Бишкектеги мектептердин биринде окуп, кийин башка окуу жайга которулган. Сабакка келген биринчи күнү үйүнө бара турган жолду таппай адашып кеткен. Свердлов районунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери баланы үйүнө жеткирип, ата-энесине тапшырган.

Милиция бардык ата-энелерди балдарынын күндөлүгүнө үйдүн так дарегин жана байланыш номерлерин жазып коюуга чакырат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0