Мэрия Бишкектеги конуштардын бирдиктүү картасын түзүп жатат

Жазылуу
Учурда муниципалитеттин кызматкерлери Көлмө, Алтын-Бешик жана Балбал-Таймаш конуштарындагы тийиштүү иштерди аяктады. Учурда Мурас-Ордо конушунда иштер жүрүүдө.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкектеги жерлерди инвентаризациялоо аракети жана жаңы конуштардын бирдиктүү реестрин түзүү иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эскизный проект благоустройства и озеленения прибрежной части реки Ак-Буура в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алуу жайына айланат. Эскиз
Ага ылайык, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев Биринчи Май районунун тургундары менен жолуккан. Ага мэрия кызматтарынын өкүлдөрү, Мамлекеттик каттоо кызматынын жер маселеси жана жаңы конуштардагы жер тилкелерин аныктоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан.

Учурда муниципалитеттин кызматкерлери Көлмө, Алтын-Бешик жана Балбал-Таймаш конуштарындагы тийиштүү иштерди аяктады. Учурда Мурас-Ордо конушунда иштер жүрүүдө.

Мындай иштер ар бир конушта макулдашылган график менен жасалмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0