Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алуу жайына айланат. Эскиз

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЭскизный проект благоустройства и озеленения прибрежной части реки Ак-Буура в Оше
Эскизный проект благоустройства и озеленения прибрежной части реки Ак-Буура в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа мэри дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотула турганын белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алуу жайына айланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу жана жээгине түшүүчү тепкичтерди куруу иштери башталат.

Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган эскиздик долбоор менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, жактырган.

"Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Калаанын көркү болгон дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Аны жалпы эл пайдаланышы керек. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. Бул 2020-жылдагы ири долбоорлордун бири болот", — деп айткан Сарыбашов.

Эс алууга ылайыкталган жер 5,4 чакырымды түзөт, башкача айтканда Ак-Бууранын Навои көчөсүнөн Вахапов көчөсүнө чейинки бөлүгү көрктөндүрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0