Чүй милициясы эки кызматкерин салтанаттуу түрдө пенсияга узатты

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүй райондук милициясы эң тажрыйбалуу эки кызматкерин салтанаттуу түрдө пенсияга узатышты
Чүй райондук милициясы эң тажрыйбалуу эки кызматкерин салтанаттуу түрдө пенсияга узатышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй ОИИБдин жетекчилиги көп жыл кызмат өтөгөн милициянын майору менен подполковникке ийгилик каалап, эстеликке белек ыйгарышты.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Чүй райондук милициясы эң тажрыйбалуу эки кызматкерин салтанаттуу түрдө пенсияга узатышты. Бул тууралуу ОИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, пенсияга милициянын майору Жаныбек Токталиев менен подполковник Алмазбек Токомбаев чыкты.

"Эки кызматкер тең иштеп турган кезинде грамота, мактоо баракчалары, ыраазычылык кат, "Милициянын отличниги" сыяктуу медалдар менен сыйланган", — деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБдин жетекчилиги Токталиев менен Токомбаевге көп жылдык кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, эстеликке белек ыйгарышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0