15:01 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7558
  • RUB1.1033
Коом
Кыскача шилтеме алуу
15710

Капиталдык оңдоодон кийин 100 адамга ылайыкталган жатакана эксплуатацияга берилди. Ремонт иштерин камактагылар жасаган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы №52 колонияда жасалган ремонт иштери аяктады. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

  • В колонии-поселении № 2 в Токтогульском районе сделали капитальный ремонт
    Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы №52 колонияда жасалган ремонт иштери аяктады
    © Фото / пресс-служба ГСИН
  • В колонии-поселении № 2 в Токтогульском районе сделали капитальный ремонт
    Билдирмеге караганда, капиталдык оңдоодон кийин 100 адамга ылайыкталган жатакана эксплуатацияга берилди
    © Фото / пресс-служба ГСИН
  • В колонии-поселении № 2 в Токтогульском районе сделали капитальный ремонт
    Ошондой эле карантиндик жайга 14 киши батат
    © Фото / пресс-служба ГСИН
  • В колонии-поселении № 2 в Токтогульском районе сделали капитальный ремонт
    Чатырлар оңдолуп, жылууланды
    © Фото / пресс-служба ГСИН
  • В колонии-поселении № 2 в Токтогульском районе сделали капитальный ремонт
    Мындан сырткары, санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен тамактануучу жай жакшыртылган. Сыртка жайкы ашкана курулду.
    © Фото / пресс-служба ГСИН
1 / 5
© Фото / пресс-служба ГСИН
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы №52 колонияда жасалган ремонт иштери аяктады

Билдирмеге караганда, капиталдык оңдоодон кийин 100 адамга ылайыкталган жатакана эксплуатацияга берилди. Ошондой эле карантиндик жайга 14 киши батат.

"Чатырлар оңдолуп, жылууланды. Пол дагы толугу менен ремонттолду. Заманбап стандарттар боюнча суу, жылуулук, канализация системалары калыбына келтирилди. Эми имараттын сыртын гана оңдош керек", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен тамактануучу жай жакшыртылган. Сыртка жайкы ашкана курулду.

Ремонт иштерин камактагылар аткарган.

Тема боюнча

ИИМдин айыптоолоруна ЖАМК жооп кайтарып, милиционерлерди сындады
Белгилер:
абак, Токтогул району

ЭҢ МААНИЛҮҮ