Буюрбай калды... Акжолтой Канатбек уулу тууралуу 6 факты

© Фото / МедиастарЖол кырсыгында каза болгон төкмө акын, актер Акжолтой Канат уулу
Жол кырсыгында каза болгон төкмө акын, актер Акжолтой Канат уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан көз жумду. Каргашадан жанындагы келинчеги, дагы эки жигиттин каза тапканы маалым болду.

Апасынан калган өнөрдү улап, айтыштарга катышып алдыңкы орундарды багынтып жүргөн акын жигит тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги фактыларды чогултту.

Үйдүн кичүүсү. Акжолтой Канат уулу 1993-жылы 20-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. Апасы Майра Керим кызынын улуту казак. Бирок Канат Байышов аттуу кыргыз жигитине ашык болуп калып, мекенин таштап Кыргызстанга келин болгон. Майра Керим кызы атактуу төкмө акын, обончу, аткаруучу эле. Тилекке каршы, 2009-жылы оор илдеттен көз жумган. Акжолтой үч бир туугандын кичүүсү болчу. Эжеси менен агасынын Казакстанда турары айтылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rhyme_AALY (@akjol_kanatbek)

Эне өнөрүн улаган уул. Айтыш, акындык өнөр жаатында жүргөн таланттардын айтымында, Майра Керим кызы Акжолтойду айтыштык өнөргө эрте эле аралаштырган. Апасынын көзү өткөндөн кийин анын өнөрүн улап айтыштарга чыгып, алдыңкы орундарды ала баштайт. Мындан беш жыл мурда "Көк Асаба" гезитине берген маегинде "Апамдын тилеги болгон "Айым айтыш" коомдук фондун жандандырам. Бул коомдук фондду апам баштайм деп жүрүп асылган дарттан арыла албай аркы дүйнѳгѳ кетип калды. Айтышууга шыгы бар кыздардын тамырын тартып, шыгына дем берейин деп жатам" деген экен.

Билими. Акжолтой Канатбек уулу менен чогуу жүргөн досторунун айтымында, төкмө акын Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында билим алган. Бирок окуусун толук бүтүргөн эмес. Сахналаштарынын айтымында, ал театралдык окуу жайды аяктаган.

© Фото / Элнура Суйунбек кызыМайра Керим кызы Акжолтойду айтыштык өнөргө эрте эле аралаштырган
Буюрбай калды... Акжолтой Канатбек уулу тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Майра Керим кызы Акжолтойду айтыштык өнөргө эрте эле аралаштырган

Көп кырдуу талант. Акжолтой Канатбек уулу төкмө акын эле эмес, ырчы, актер дагы болчу. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында штаттан тышкары актер болуп иштечү. "Демон" спектаклинде башкы ролдордун бирин аткарган. Азыркы тапта режиссер Сүйүн Откеевдин "Кыялкечтер" тасмасында башкы ролду ойноп жаткан. Досторунун айтымында, Акжолтой ыр жаздырып, клип тарттырып, жакында Раймаалы деген каймана ат менен сахнага чыгууга камынып жүргөн. 

Жаңы баш кошкон түгөйлөр. Төкмө акын сүйүктүүсүнө баш кошконуна 2-3 ай гана болгонун бирге иштешкен дос, санаалаштары айтты. Келинчеги Изард 24 жашта, Токтогулдун кызы эле.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от АДИЛЕТ АЗИМОВ (@adiletazimov)

Тойго баратып ажал тапкан. Акжолтой Канат уулу 11-ноябрга караган түнү Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Ал отурган машина жүк ташуучу унаа менен кагышып, алдына кирип кеткен. Мунун кесепетинен Акжолтой, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон. Акжолтой менен бирге жүргөн дос балдарынын айтымында, унаадагылар Тоң районуна тойго барышкан. Ал жактан чыгып Кочкордогу дагы бир жакшылыкка барышмак. Унаада кырсыктаган балдар акыркы жолу өздөрүн видеого тартып, Кочкорго бара жатышканын айтып, ырдап соцтармакка жүктөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0