Комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү жерге берилди

Жазылуу
Белгилүү өнөрпоз 44 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Акыркы жылдары Кыргыз улуттук консерваториясында иштеп келген.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү кичи мекени Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында жерге берилди.

Белгилей кетсек, өнөрпоз 10-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон. Орозалиева 44 жашта болчу. Ал акыркы жылдары Улуттук консерваторияда окутуучулукту аркалап, бир топ шакирттерди даярдаган.

Комузчунун артында 6-класста окуган кызы калды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0