Молдомуса Конгантиев атындагы көчөнүн аталышы өзгөрдү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев. Архив
Мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар айылдык кеңештин депутаттарына Конгантиев атындагы көчөнүн аталышын өзгөртүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Алтын-Ордо конушунда (Полиция шаарчасы) Молдомуса Конгантиев атындагы көчө Мурас деп өзгөртүлдү. Бул маалыматты Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары Эмил Чакибаев тастыктады.

Буга чейин көчөгө Конгантиевдин атын берүү боюнча айылдык кеңештин чыгарган токтомунун сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган.

"Полиция шаарчасындагы көчөгө Молдомуса Конгантиевдин ысымын ыйгаруу токтомун жокко чыгарып, жергиликтүү тургундардын көчөнү Мурас деп атоо сунушу жактырылды", — деп жазылат токтомдо.

Белгилей кетсек, Бишкектин четиндеги көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы 2018-жылы берилгени тууралуу быйыл октябрь айында белгилүү болгон. Бул коомчулукту таң калтырып, кайсы эмгеги үчүн ыйгарылды деп талкууга алынган.

Жергиликтүү бийлик муну конуштун тургундары сунуштаганын айткан. Бирок Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аталган аймакка барып сурамжылоо жүргүзгөндө, жашоочулардын көбү бул маалыматты тастыктаган эмес.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0