Акжолтой Канат уулунун сөөгү кичи мекенинде жерге берилет

© Фото / Элнура Суйунбек кызыТөкмө акын Акжолтой Канат уулунун архивдик сүрөтү
Төкмө акын Акжолтой Канат уулунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төкмө акын жубайы жана санаалаштары менен Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Төкмө акын Акжолтой Канат уулунун сөөгү эртең, 13-ноябрда, жерге берилет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине акындын санаалашы Асылбек Маратов билдирди.

Анын айтымында, төкмө акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10.00дө кичи мекени Тоң районунун Ак-Cай айылында болот.

Жол кырсык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Төртөө мүрт кеткен. Акжолтой Канат уулу каза тапкан кырсыктын чоо-жайы айтылды
Акжолтой Канат уулу 11-ноябрга караган түнү Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Ал отурган машина жүк ташуучу унаа менен кагышып, алдына кирип кеткен. Мунун кесепетинен Акжолтой, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон. Бирөө өтө оор абалда Кочкор райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Акжолтой Канат уулу 26 жашта болчу. Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу. Ал да акындык өнөрдү аркалап, бир топ айтыштарга катышып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0