12:30 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1408 0 0

Мэрия шаар тургундарынан малды өз убагында жайыттан айдап келип, кечинде калтырбай короолоруна киргизүүнү суранат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Балыкчы шаардык мэриясынын имаратынын алдына бир үйүр жылкы кирип кеткени үчүн ээси айыпка жыгылды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 10-ноябрда мэриянын алдындагы аянтка 18 баш жылкы кирип кеткен. Буга байланыштуу Эреже бузуулар кодексинин 182-183-беренелерине ылайык, Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын тургунуна, жылкылардын ээсине 7 500 сом айып салынган.

"Буга чейин ушундай көрүнүштөр катталып, мал ээлерине эскертүүлөр берилип келген. Урматтуу Балыкчы шаарынын тургундары, малды өз убагында жайыттан айдап, кечки убакытка калтырбай короолорго киргизип алууну суранабыз", — деп кайрылат мэрия.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол жээгинде кароосуз жүргөн малды сүзүп кетүү окуяларын алдын алуу максатында Эреже бузуулар кодексинин 127-182-183-беренелерине ылайык айып пул салынарын эскертет.

Тема боюнча

Ош: тойдо машинаны чимирилте айдаган кишиге айып салынды
Түкүрүнбөңүзчү! Бишкекте жаңы милиция кантип иштеп жатат? Видео
Белгилер:
жылкы, айып, Балыкчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ