Жаңы идеяларды күтөбүз. Жээнбеков өлкө жаштарын куттуктады

Жазылуу
Жаштарды колдоо, аларга ишеним артуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленген.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстандын жаштары активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келе жатканы баса белгиленген.

"Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңишке жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүрүп келесиздер. Жаш мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн колдоо жана аймактарды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда. Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз көбөйүүдө", — деп айтылат куттуктоодо.

Андан сырткары, жаштарды колдоо, аларга ишеним артуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленген. Ошондой эле мамлекет жаштардан жаӊы идеяларды күтүп, инновациялык долбоорлорду колдой турганын жана жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу аракеттери уланары жазылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0