Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти

© Sputnik / Эркин СадыковКыргызстандын юморист, актер жана алып баруучу Самат Эркинбеков
Кыргызстандын юморист, актер жана алып баруучу Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта жылдызы жанып, ырдаса ыры, кинодо жараткан образдары хит болуп жаткан Самат Эркинбековду КВНдин эл аралык күнүнө карата кепке тарттык.

Самат Эркинбеков кыргыз тилдүү КВН деп эсептелген "Тамашоу" долбоорунан чыккан таланттуу жигиттердин бири. Азыр ал алып баруучу, актёр. Андан сырткары, той алып барып, ырдап да жүрөт. Таланттуу жана көп тармактуу тамашоучу чыгармачылыгы жана келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

© Sputnik / Табылды КадырбековАктёр Самат Эркинбеков
Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти - Sputnik Кыргызстан
Актёр Самат Эркинбеков

— "Тамашоунун" алгачкы оюнчуларынын бирисиз. Долбоор жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртсө керек...

— Туура айтасыз. "Тамашоу" жашоомдо жаңы барак ачтырды. Университеттен албаган тарбия, билимди ошол жактан алдым. "Тамашоуга" катышып, ойной баштаганда мектепти жаңы бүткөн, ойду омкоруп, тоону томкором деген кезим болчу. Көчө таптабай сахнага чыгып энергия, күчүбүздү ошол жакка жумшадык. "Тамашоудан" жакшы тарбия алдык, дос таптым, бала кезимен кыялданган эңсөөмө жеттим. Кичинемде микрофон деп колума ар нерсени кармап алып өзүмдү алып баруучу сезе берчүмүн. Сахнага, телевидениеге чыккым келчү. КВНдин арты менен кыялымды ишке ашырдым. Негизи кесибим боюнча тиш жасаган адисмин да, бирок ал тармак меники эмес экен. 3-4 айга чукул иштеп көрүп таштап салгам. "Тамашоу" менин эле эмес, оюнчулардын көбүнүн жашоосун өзгөрттү окшойт. Долбоордо 20дай бала биригип Кыргызстандын атынан команда түзүп, Казакстанга барып Астана, Алматыдан биринчи орунду алганбыз. Москвага чейин барып ойноп келдик. Шоу-бизнесте азыр алдыңкы алып баруучулардын көбү "тамашоучулар". Ошол кезде калыптанган ынтымак азыр да күчүндө. Дайыма чогулуп, бири-бирибизди колдоп-кубаттап турабыз.

© Фото / Самуэль Сактанбеков"Кичинемде микрофон деп колума ар нерсени кармап алып өзүмдү алып баруучу сезе берчүмүн".
Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти - Sputnik Кыргызстан
"Кичинемде микрофон деп колума ар нерсени кармап алып өзүмдү алып баруучу сезе берчүмүн".

— Ата-энелердин көбү эмнегедир балдарын "артист" кылгысы келбейт. Сиздин жакындарыңыз тандооңузга каршы болгон эмес беле?

— Атам сахнага чыкканымды көрбөй калды. 9-класста окуп жатканда узакка созулган оорудан көз жумган. Андан көп өтпөй эле үч жылдан кийин апам да ооруп каза болуп калды. Бирок апам "Тамашоуда" ойногонумду көрүп калды. Чыгармачылыгыма бир туугандарым чек койгон жок. "Ак-Өргө City" командасы жаңы түптөлүп, "Тамашоуга" чыга баштаганда оюнчулардын ата-эне, жакындары көп деле этибар алган эмес. Командадагы балдар бир көчөдө жашачубуз да. Үйгө кирип даярданалы десек жакындарыбыз "топурабай баргыла" деп койчу. Айла жок суукта, көчөдөн репетиция кылганга туура келчү. Кийин ийгиликке жетип, атыбыз чыга баштаганда анан үйгө киргизип, атайын бөлмө бошотуп шарт түзүп беришкен.

— Командаңыздар азыр да чогуу иштейсиңерби?

— Ооба, "Ак-Өргө City" деген продакшн студиябыз бар. Биргелешип клип, кино тартабыз. Буга чейин "Жер тоголок" деген тасмабыз чыккан. Эми жакында эле "Жора, Гуля" деген кинону эл назарына койдук. Азыркы учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат.

© Фото / Эржан Кадырбеков"Жора, Гуля" тасмасынын бет ачарында.
Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти - Sputnik Кыргызстан
"Жора, Гуля" тасмасынын бет ачарында.

— "Жора, Гуля" тасмасы тууралуу айтып бересизби? Гулянын образын сиз жаратпадыңызбы. Аялдын ролуна кирүү оор болгон жокпу?

— "Жора, Гуля" тасмасынын сценарийи толук эле турмуштан алынган. Анда кыргыздын карапайым үй-бүлөсүнүн күнүмдүк турмушу чагылдырылган. Башында Кубан деген дос балам экөөбүз "Жора, Гуля" деп бир мүнөттүк вайндарды тартчубуз. Ал соцтармактагы катталуучуларыбызга жакты окшойт, "тасма же сериал тартпайсыңарбы" деп сунуш кылышты. Ошентип элдин идея, сунушу менен тасмабыз жаралды.

Белгилүү алып баруучу, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Тамада Санжар Мыкыев: күйөө баланы тоюнда сабап... ошолор да доспу
Гулянын образы тууралуу айта турган болсом, айрымдар "ушуну менен аял болуп калба" деген билдирүүлөрдү жазып жатат. Учурдан пайдаланып ошондой ойдогу адамдарга кайрылып кетет элем. Актёр ар тараптуу болот. Кандай роль берилбесин аны ийине жеткире аткарууга аракет кылыш керек. Буга чейин көчөдөгү селсаяктын, дарыгердин ролдорун аткаргам. Ошол бойдон селсаяк болуп калган жокмун да.

Негизи эле ар кандай ролдорду аткарам. Элдин эсинде бир образ менен калгым келбейт. Ошого жараша да атым өзгөрүп турат. "Тамашоуда" ойноп жүргөндө "Керемет көчтөгү" Акылайдын образын ойноп, Акылай атка конгом. Андан кийин "До+Фа" киносунда Доорон деген баш каармандын ролун ойноп Доорон болуп жүрдүм. Азыр мени "Дык Ын Дыш" анан "Гуля" дешет.

— Тарткан тасмаларыңар кеткен чыгымын актайбы?

— Ар кандай. "Жора, Гуля" тасмасынын чыгымы азырынча эсептеле элек. Болжол менен 60 миң доллардай кетти. Бирок кино башка тасмаларга караганда эл тарабынан жакшы кабыл алынды. "Жер тоголок" киносу деле жакшы болгон. Андан түшкөн каражатка кино тартканга керектүү жабдууларды алганбыз. Тасманын кинотеатрларга көрсөтүлө баштаганына 20 эле күн болду, жыйынтык жакшы. Бул тасманы жакын арада Россиядагы мекендештерге да көрсөтүп келели деп жатабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековСамат актёр ар тараптуу болуш керектигин айтат.
Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти - Sputnik Кыргызстан
Самат актёр ар тараптуу болуш керектигин айтат.

— Азыр "Дык Ын Дыш" деген ырыңыздар жаш балдардын оозунан түшпөй хит болуп жатат. Бул ырды кандай максатта чыгардыңыздар эле. Ага карата кандай сын-пикирлерди уктуңуздар?

— Юмор жаатында жүргөн балдарбыз. Тоолор, суулар же сүйүү жөнүндө ырдап чыксак бизге жарашпай калмак. Бул ырды элге позитив тартуулайлы деп эле чыгарганбыз. Ырдын тексти биз бала кезде ойногон оюндардан алынган. "Жер тоголок" тасмасына саундтрек болчу. Телевидение, радиого деле берген эмеспиз, тез эле хит болуп кетти. YouTube каналындагы өзүбүздүн баракчадан эле 12 миллион адам көрүптүр. YouTube каналынын күмүш баскычын алдык.

— Тойлорго чыгып тамадалык милдет да аткарып жүрөсүз. Той сиз үчүн деле кошумча каражат табуу булагыбы?

Алып баруучу Нурзат Токтосунова - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: эркектерди чаап ийгенден кайра тартпай баратабыз
— Бардык эле тамада үчүн той кошумча каражат табуу булагы болсо керек. Анткени ал жактан эргүү албайсың. Көп адам тамаданын жумушу жеңил деп ойлойт. Бирок ага деле даярданып, изденүү керек. Ар кандай адамдар той берет, келген 200 меймандын жок дегенде 9-10уна жакпай каласың. Бир жолу жакшылык өткөрүп жаткан эже "конокторду алып отургула, ичкиле деп айтып тур" деди. Мен андан баш тарттым. Себеби эч кимди ичкиле деп айтып, анын күнөөсүн мойнума алгым келбейт. Той ээси мени жаман көрүп, экөөбүз уруша да кеттик. Бирок мындай учурда өзүңдү кармайсың. Убакыт өтүп коноктор айттырбай иче баштаганда анан тиги эже жибип, кечирим сураган.

Ушундай нерселерден улам да той алып барууну азайттым. Бул сезондо тойго чыккан деле жокмун. Андан көрө өзүмө жаккан иштер менен алектенүүнү туура көрдүм.

© Фото / из личного архива Самата ЭркинбековаКелинчегимдин аты Чолпонай. Мен - Чүйдөн, ал - Баткенден.
Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти - Sputnik Кыргызстан
Келинчегимдин аты Чолпонай. Мен - Чүйдөн, ал - Баткенден.

— Жеке жашооңуз да күйөрмандарга кызык болсо керек.

— Келинчегимдин аты Чолпонай. Баш кошконубузга үч жыл болду. Мен - Чүйдөн, ал - Баткенден.

— Түштүк аймактарда той-аштарда колдонгон каадалары көп эмеспи. Баткендин күйөө баласы болгондо сизди кандай салттары таң калтырды эле?

— Келинчегимди алып кетерде менин бут кийимимди катып коюшуптур. Көрсө, ал жакта бут кийим катып коюу деген каада бар экен. Аны билбей биз кечке издегенбиз. Андан сырткары, тогуз табак, күйөө баланы жүгүнтүү деген жөрөлгөнү да биринчи көрдүм. Баткенде күйөө баланы аябай сыйлашат экен, ошол нерсе жакты (жылмайып).

© Sputnik / Эркин СадыковСамат Эркинбеков: элдин эсинде бир образ менен калгым келбейт.
Актёр, алып баруучу Самат: атам сахнага чыкканымды көрбөй кетти - Sputnik Кыргызстан
Самат Эркинбеков: элдин эсинде бир образ менен калгым келбейт.

— Келечек пландарыңыз тууралуу да кеп кылып кетсеңиз?

— Командабыз менен жаштардын патриоттук сезимин ойгото турган сериал тартсакпы деп ойлоп жатабыз. Буюрса, командабыз, техникабыз да сериал тартууга даяр болуп калды. Жакын арада пландарды ишке ашыра баштайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0