Горький менен 7-апрелдин кесилиши эмнеге айлампа жол болбой калды? Түшүндүрмө

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар жетекчилиги 8-ноябрдан тарта аталган аймакты айлампа жол кылууну пландаган. Өзгөртүү 7-апрель менен Анкара көчөсүнөн башталмак.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Горький — 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишин айлампа жол кылуу планы кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, шаар жетекчилиги 8-ноябрдан тарта аталган аймакты айлампа жол кылууну пландаган. Өзгөртүү 7-апрель менен Анкара көчөсүнөн башталмак. Жолдун схемасын өзгөртүү боюнча долбоорун "Бишкекасфальтсервис" менен мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы иштеп чыккан.

8-ноябрда долбоорду сынап көргөн мэрия аны кийинкиге жылдырууну чечти.

"Шаар тургундарынын суранычы менен аталган аймактагы кыймылды мурдагы абалында калтырдык. №7 троллейбус менен жүргөндөргө дал ушул жердеги аялдамадан түшүү ыңгайлуу болот экен. Ал эми айлампа жол болгондо бул мүмкүн болбой калат", — деди мэриядан.

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, Германиянын Гамбург шаарында кеңири колдонулган бул ыкманы бишкектик айдоочулар жактырышкан жок.

Келечекте бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жолду кеңейтүү пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0