"Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!". Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин сүрөтчүсү, таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун архивдик стүрөтү
СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин сүрөтчүсү, таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун архивдик стүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 9-ноябрь, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Кыргыз коомчулугу, күйөрмандары, талантына тооп кылгандар анын 80 жылдыгын эскерип, белгилеп жатат.

Sputnik Кыргызстан Сүймөнкул Чокморов боюнча даярдаган 13 фактыны окурмандарга сунуштайт.

Түбү Таластан. Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында мындан туура 80 жыл мурда 9-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Тагдыр аны үй-бүлөдөгү 11 бир туугандын онунчусу кылып жараткан. Болочоктогу актёр жана сүрөтчү алты жашынан тарта окуй баштаган. 1953-жылы Фрунзе шаарындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырган. Аны бүтүрүп, 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтуна кирип, живопись факультетин 1964-жылы аяктаган.

Бул инсандын түпкү тегине көз жүгүртсөк, Чокморовдордун үчүнчү атасы Байсаба 1850-жылы Таластан Чүйгө көчүп келгени айтылат. Кезегинде кадимки Байтик өзү менен кошо Таластан Байсабаны ала келип, анын карылуу жана балбан чалыш болгонун урпактары айтып берген жайы бар. Байсабайдан — Ормокой, Ормокойдон – Чокмор, Чокмордон он бир бала, анын бири биз сөз кылып жаткан Сүймөнкул болгон.

Эмнеге Сүймөнкул деп аталган. Сүймөнкулдун туулган мезгили турмуштун кыйынчылык, саясий карама-каршылык убагына туура келет. 1939-жылы репрессиядан, чоң ачарчылык жылдардан кийин өлкөдө тынчтыктын, токчулуктун жыты сезиле баштаган эле. Элде сүймөнчүлүк, жакшылык болсун деген тилекте Чокмор кезектеги наристесине Сүймөнкул деген ысым ыйгарган. Ал эркек балдардын эң кичүүсү болгондуктан, атасы көкүрөк күчүгүн жанынан чыгарчу эмес деп эскерет бир тууган агасы.

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов узак убакыт бөйрөк оорусу менен күрөшкөн
Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!. Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов узак убакыт бөйрөк оорусу менен күрөшкөн

Онтоткон оору. Бүгүн 80 жашка чыкмак деп кеп кылып жаткан таланттын бул дүйнөдөн эрте кетишине анын бөйрөк оорусу себеп болгондугун жалпы эл жакшы билет. Бир катар макала-материалдарда анын "Караш-Караш окуясы" жана "Жалаң эр-азаматтар" кинофильмдеринен кийин аталган ооруга чалдыккан деген маалыматтар жазылган.

Анткен менен таланттуу журналист Абдиламит Матисаковдун "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" очеркинде муну Чокморов башкача айтып берген.

"Эки бөйрөктүн иштебегени ырас. "Сыркоосун киного тартылып жүргөндө суукка урунуп күчөтүп алыптыр" деп жүрүшкөнү туура эмес. Тукум кууган илдет 40ка чыкканымда козголду. Врачтардын божомолунда ал 20 жашымда эле азап чектирмек экен. Актёрдук тынымы жок жашоо, ар бир мүнөттүн кымбаттыгы ооруганга да мүмкүнчүлүк берген эмес экен. Спорттун өмүргө күлазык экенин ушундайда билет экенсиң", — деген улуу талант.

Башканын тамырын тамырына жамап... Бул залкар адам оорунун азабын чеккенин анын талантына таазим этип, көргөндө эт-бетинен кетип урматтаган күйөрмандары, аны пир туткандар кайдан билсин.

Оору жанын жеп кыйнаганы, режим менен жашап, бир стакан сууну ашык иче албай каны катып, кулагына булактын шылдыры угулганы, ага да кайыл болуп тирүүлүк үчүн күрөшкөнү, чыдамдуулугу, сабырдуулугу кайсы муундун адамдары болбосун өрнөк болчудай.

ССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Балбал таш, талаада жана эл арасында. Чокморовдун каректе калган 18 ирмеми
"Режим дегенде… Мисалы үчүн азыр катуу суусап турам. Болгону ошо. Кулагыма мөл булактын шылдыры угулат. Туптунук, мупмуздак. Бассам-турсам, бирөө-жарым менен сүйлөшүп атсам да, атүгүл телефондон да булактын шылдырын угам. Билесиңби, врачтар мага суткасына үч стакандан ашык суу ичпейсиң деген. Суткасына үч гана стакан!.. Ашыкчасы зыян. Азыр түшкө жеткизбей үч стакан суумду, нормамды ичип салдым (саатыма карасам туптуура бир болуптур — авт.). Эми эртеңки күнгө чейин чыдашым керек. Бир ууртам суу режимге балта чабат", — деген ал Матисаков менен сүйлөшүп отуруп.

Бөйрөк оорусу аны керебетке кадап, бирок медицина аны ажалдын чеңгелинен алып чыгып, ар бир диализге келген сайын улам жаңы өмүр берип турган. 56 операция...

Төмөндө анын диализде жаткан учурдагы журналист менен диалогу.

— Жакын отурчу, сага бир нерсе көрсөтөйүн, — деп Сүкөм эки билегин түрдү. Бүткөн боюм "дүр" деп чочудум. Билегинен тартып булчуң этине чейин каршы-терши тилинип, тигиштин темгилдери… Булчуңундагы дөмпөйгөн жерге сөөмөйүн сайды.

— Басып көрчү, ысык бекен?

— Ыпысык.

— Каным… Өзүмдүн вена тамырыма ийне сайыла берип жарактан чыгып, болбой калганда бир аялдын вена тамырын салышкан.

— Аялдын?!

— Ии, кан азыр манжаларыма жакшы жетпейт. Кисть, калем кармаганга болот, а комуздун кылын мурдагыдай манжаларым тере албай калды…".

"Жоон саны билегинен кем калбайт. Операциялардын тактары… Санына Англиядан алып келинген жоондугу сөөмөйдөй түтүк салынган. Кан ошол түтүк аркылуу айланат. Ал кийинки беш-алты жылдын аралыгында биринен-бири татаал 23 операцияны башынан өткөрдү. Ар бири вена кан тамырына жасалып жатпайбы...", - деп кейиген журналист Матисаков.

Ал эми агасы Намырбек Чокморов өзүнүн даректүү баянында Сүймөнкулга өмүрүнүн аягына чейин 56 операция жасалгандыгын жана гемодиализ менен 10 жыл 5 ай жашагандыгын жазган.

"Ушундай да болобу?". Сүймөнкул Чокморовдун бою 186 сантиметр эле. Келбеттүүлүгү, баскан-турганы, кашкайып күлгөнү кишинин көңүлүн алыстан эле бурдура турган. Бир туугандарынын эскерүүсүнө караганда, аксакал кишилерге, абышка-кемпирлерге ыктап турган бир касиети болгон. Баса, кыргыздын эски кийимдерин жакшы көргөндүктөн, аны айылдан издештирип, сураштырып жүрүп таап, сүрөткө түшүргөнгө далалат кылган. Мергенчилик менен балык уулаганды жаман көргөнү да көптөр үчүн ачылыш болсо керек. Мал соймок турсун, союлуп жатканда карабай басып кеткенин азыркыга чейин айтышат.

Текеберленбеген, жөнөкөй, жасалмасыз жүргөн, сөзгө конок берген адам болгон. Катуу жини келгенде же капаланганда "Ушундай да болобу?" деген сөз менен чектелгенин агасы Намырбек Чокморовдун жазганы бар.

Күндүн кечи менен таңын, күздүн жытын жакшы көргөнүн айтып эскерген.

© Фото / Александр ФедоровТаланттуу актёр эки баланын атасы болгон
Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!. Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты - Sputnik Кыргызстан
Таланттуу актёр эки баланын атасы болгон

Үй-бүлөсү, уулдары. Таланттуу актёр эки баланын атасы болгон. Чокморов өмүрлүк жарын Ленинградда окуп жүргөндө тапкан. Ал — токмоктук Салима Шабаза аттуу кыз эле. 1966-жылы баш кошуп, кийинчерээк Бактыгул аттуу уулдуу болушкан. Искусствовед Шабаза Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде иштеген. Бул үй-бүлөнү жакындан билген тааныш-жакындары Салима Сүймөнкул Чокморовдун талантын жогору баалап, анын ийгиликтеринин артында турганын айтышат. Улуу талант каза болгондон кийин аялы көп өтпөй, эки жылдан кийин көз жумган.

"Сүймөнкулдун дагы Эргул деген 1978-жылы туулган баласы бар. Көзүү тирүү кезинде менин балам деп жардамын аяган жок. Сүймөнкулдун турмушунда, балким, көп пландары болгондур, бирок ал 1982-жылдан тарта катуу ооруп, илдети менен алышып, үй турмушу тууралуу ойлогонго чамасы келген эмес", — деп жазган агасы Намырбек Чокморов өзүнүн даректүү баянында.

Маалыматтарга караганда, улуу баласы Бактыгулдун кесиби тарыхчы. Атай аттуу уулу бар. Бир нече тил билет. Эл аралык уюмдар менен иштеп жүрүп, кийин чет өлкөгө — Канадага көчүп кетип, учурда ал жакта жашап, иштейт.

Куштун эки канатындай боло алдыбы? Чокморовдун чыгармачылыгында сүрөтчүлүк менен кино өнөрү тыгыз жүргөндүгүн айта келсек, өмүрүнүн акыркы күндөрү колуна кыл калемди көбүрөөк алгандыгын билебиз. Ал ооруканада жаткан күндөрү эле.

Сүрөтчүлүк менен башталган чабыт, акырындап, тагыраагы, 1967-жылдан тарта киноөнөрүнө кадам таштайт. Бул улуу адамдын киноискусстводогу орду, эмгеги, жараткан ролдору Кыргыз ССРинин масштабынан чыгып, дүйнөнү аралап кеткенин ар бир окурман билсе керек. Ошентсе да биринчи ролу жогоруда белгилегендей, 1976-жылы "Караш-Караш окуясы" киносуна тартылуу менен башталган. Баса, улуу уулунун атын да ошол тунгуч ролунун каарманы — Бактыгулдун урматына атаган.

© Фото / Александр ФедоровТубаса талант актерлуктан сырткары сүрөт тартуу менен да алектенген
Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!. Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты - Sputnik Кыргызстан
Тубаса талант актерлуктан сырткары сүрөт тартуу менен да алектенген

Спорт. 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтуна кирип, живопись факультетин 1964-жылы аяктаган. Бул жылдар ал үчүн бир топ түйшүктүү жана жакшы ирмемдерден болгон. Аталган окуу жайдан Салима Шабаза менен таанышып, андан сырткары, Ленинграддын намысын спорт менен коргогон учурларын эстесек болот. Тагыраагы, Ленинград шаарынын волейбол боюнча курама командасында ойноп, команданын капитаны да болгон экен.

Ал өзү спорт боюнча берилген суроолорго чоң ынтаа менен жооп берип, буга бала чагында көп ооруганы себеп болгонун айтканы бар.

"Спортко болгон сүйүүм түбөлүк. Бала чагымда арык, илмийген бала элем. Атам бышсын деп атка жакын тарбиялап, устачылыкка да жардам берип жүрдүм. Кийин футбол, волейболго ынак болдум. Ал эми Ленинградда курама командада ойнодум", — деген. Анткен менен аталган шаарда окуп жүргөндө волейбол сүрөт тартууга кеткен убактысынын көбүн алып койгонун да айткан жайы бар.

© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин сүрөтчүсүнө 56 жолу операция жасалып, гемодиализдин жардамы менен 10 жыл 5 ай жашаган
Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!. Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин сүрөтчүсүнө 56 жолу операция жасалып, гемодиализдин жардамы менен 10 жыл 5 ай жашаган

Сүймөнкул Чокморов Аяз ата болгондо. Ал Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп турганда жаңы жылдык балатыда Аяз атанын ролун аткарган кездерин көптөрү билбесе керек. Анткен менен ошол кезде болжол менен 5-6 жаштагы балдардын эсинде калган.

"Азыр баамдасам, Сүрөтчүлөр союзунун имаратынын экинчи кабатындагы холл экен. Толук эмес, арыкчырай Аяз атаны көрдүм. Балаты салтанаты башталганга чейин эле Бактыгул (анын уулу — ред.) атасынын ролун айтып салды (Ата-энем Чокморовдор менен үй-бүлөлүк катышта болгондуктан, балдары бири-бирибизди таанычубуз). Жомок дүйнө бырын-чырын чыгып кеткендей болду. Аяз ата деген башка жактан келет да деп ичим ачышты. Мага окшогон бир топ бөбөктөр жаңы жылдык майрамга жасанып келишкен. Ал бирден чакырып жатты. Кезек мага келди. Тизесине отургузуп, Аяз атанын "кана эми, Аленушка ырыңды айтып берчи" деген жоон үндү угуп, чын эле кадимки эле Аяз ата бар экенине ишенип, ал тургай жаттаган ырымды такылдап саймедиредим. Себеби мен билген Сүймөнкулдун үнү таптакыр башка болчу. "Чыпчын эле Аяз ата турбайбы" деген ынануу пайда болду окшойт. Азыр эстесем, андан кийин деле бир канча жылга чейин Аяз атага ишенип жүрдүм. Ошентип ал кишинин артисттик чеберчилиги менен жомок дүйнөм өз калыбында калган", — деп эскерди бала чагын медиаэксперт, окутуучу Елена Воронина.

Кагазга тартылган сүрөт. Бул макаланы даярдап жатып Сүймөнкул Чокморов жана анын сүрөтчүлүгүндөгү дагы бир жаңы маалыматты билдик. Ооруган жылдары ал Москва шаарына дарыланууга бир нече ирет барганы белгилүү. Ооруканада жатканда бир нече натюрморт жараткан. Кишиге оордугун тийгизгиси келбеген бул адам тамак-аш оролуп келген саргыч, боз кагаздарга акварель менен тарта баштаган.

© Фото / Елена ВоронинаЧокморовдун Москвадагы ооруканада жатканда жараткан соңку эмгектеринин бири. 1982-жыл
Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!. Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты - Sputnik Кыргызстан
Чокморовдун Москвадагы ооруканада жатканда жараткан соңку эмгектеринин бири. 1982-жыл

"Ал кагаздарды алып коюп, жубайы Салимадан акварель алдырып алып натюрмортторду жараткан. Себеби холст же май боёкторду пайдалануу үчүн аны сыгып, алып чыгуу керек. Чынын айтканда, ооруп жаткандыктан андай кыймыл да Чокморов үчүн кыйынчылыкка турган экен. Андыктан жеңил жолу — акварель эле. Болгону кыл калем, суу жана кагаз керектелген. Ал эмгектерге баам салсаң, албетте, жеңил жана жагымдуу, бирок аны менен катар эле негизинен кургап калган гүлдөрдү байкоого болот", — деп айтып берди бизге сүрөттүн коомчулукка чыгышына көмөк көрсөткөн Воронина.

"Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!". Ушул сөздү Чокморов тээ алыстагы Египеттин пирамидаларынын таштарына колун тийгизип канааттанып, бир жагынан бөйрөк оорусу сыздатып, жанын көзүнө көрсөтүп жатканда айткан. 1981-жылы Советтер Союзунун мамлекеттик делегациясы менен Египетке барганда мейманканадан каргашалуу оору өзүнүн өкүмүн биринчи ирет жар салат.

Таң атса пирамидаларды көргөнү барабыз деп турган түн эле... Аны менен кошо баргандар бүлгүнгө түшүп, түнү бою уктабай чыккан актёрду Москвага учурууга камына баштайт. Башкалар минтип дүрбөлөңгө түшүп жатканда, Чокморов пирамидаларды көрмөйүн учпайм деп туруп алат.

Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт
"Каирдин мейманканасында чабалактап, таң атканча оору жанымды жай алдырбай, кирпиктүү көзүм илинсечи. Тагдырдын кырсык-саатына мынчалык нааразы болгон эмесмин. Эртеси эки-үч жолдошумду жөлөк тутуп, пирамидаларды көргөнү кете бердим. Адамзат колунан жаралган, нечен-нечен доордун элин тамшандырган, көрсөм дегендерди ак эткенден так эттирген, төбөсү булут челген Хеопстун түбүндө туруп, ишенесиңби, өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип, пирамиданын муздак бооруна кол тийгиздим да, "эми өлүп кетсем арманым жок, ээ" деп жиберипмин. Жанымдагылар таштан-ташка секирип, пирамидаң тепкич-тепкич болот экен, өйдө чыгып кетишти, мен ылдыйда калдым, ооруп жатсам менде дарман-ал болобу. Утуру мизилдетип шыпырып-сыйрып турушат, анан кадам сайын бирден сакчы. Көздөрүн ирмеп койбойт. Карындан май кескендей кесип, кынаптап тизген чулу таштарды кыркалатып, зор усталык менен төшөп чыккан убалы жок кулдардын кара күчүнө айран калып басып жүрсөм, ушул сенин колуңдагы ак кесек мындай жерде жатат. Арбап, бура бастырбайт. Эңкейсем эле эки кадам нары жакта турган сакчы шекшигидей. А кесек көздү бир күйгүзөт. Айла куруганда, бет аарчымды түшүрүп жиберимиш болуп, көздү кычыштырган Хеопстун ак кесегин кошо илип кеттим. Менин ордумда актёрдук өнөрдөн алыс жүргөн адам болсо, сакчынын колуна түшүп, көздөрүн жалдыратып турмак…", — деп айтып бериптир.

Ошентип эсине келип-келбеген Сүймөнкулду алгач Москвага, андан соң Москва — Фрунзе багытындагы учакка салышат.

...Фрунзедеги ири оорукананын бөйрөк оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмү карбаластап даярданып, 1981-жылдын 6-ноябрында эс-мас болгон абалда атагы таш жарган актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду кабыл алат... Ошентип оору арбаган азаптуу күндөрү башталат.

Кээде бул үлкөн адам пирамидага колун тийгизгендеги жогорку сөзүн ашыкча айтып алганбы деген ой келет...

© Фото / Александр ФедоровЧокморов 1992-жылы 26-сентябрда дүйнө салып, актердун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген
Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!. Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты - Sputnik Кыргызстан
Чокморов 1992-жылы 26-сентябрда дүйнө салып, актердун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген

Сүймөнкул Чокморовдун кыялындагы үч ролу. Анын Манастын ролун жаратсам деген изги тилеги болгон. Актёр Манастын образын улуу манасчы Саякбай Каралаевден улам таанып-билгендиги айтылып келет. Ал "XX кылымдын Гомеринин" портретин тарткан сайын, эпосту тереңирээк билип, анын көңүлүндө аздектеп, жан дүйнөсүнө жакын алган.

Экинчи образ – Чыңгызхандын ролу эле. Тарыхый бул адам тууралуу китептерди, материалдарды чогултуп, аларды окуп, өзүнүн ички дүйнөсүндө жашатып, акыл элегинен өткөрүп келген. Актёрдун ак эткенден так этип, эңсеген кыялын билген тааныштары чет өлкөгө чыкканда ал тууралуу китептерди ала келип беришчү экен.

Экранда жаратсам деген дагы бир образы - тарыхый адамдардын бири кубалык Че Гевара болуптур.

"Эрки күчтүү, дүйнөсү бай, Куба элинин жалындуу уулу Че Гевара мени ар дайым кызыктырып келет. Андыктан биздин элдин алдына мына ушул Че Геварадай азаматын ойносом дегенде эки көзүм төрт...", - деген экен мындан 47 жыл мурда берген маегинде.

Керээзи. Сүймөнкул каза тапканда анын керээзин — акыркы сөзүн мүрзө башында элге Намырбек Чокморов окуп берген. 1992-жылы 26-сентябрда дүйнө салган актёрдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Акыркы сөзүнүн мазмуну төмөндөгүдөй эле:

№10 кесиптик лицейдин директору Саадат Сейдалиева  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сейдалиева: №10 кесиптик лицейге Сүймөнкул Чокморовдун аты ыйгарылды
"Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла, алар жаштарга керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Мен жараткан сүрөттөрдүн бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык. Элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегим. Бардыгын мастерскоюма таштап кеттим".

Кийин атайын комиссия түзүлгөн. Аталган топ 1992-жылдын 5-октябрында анын чеберканасындагы 427 сүрөттү санап, тизмелеп чыккан.

Анткен менен бул сүрөттөрдүн азыр маркум Сүймөнкул Чокморов калтырган керээзи аткарылып, бардык эмгектери элдин энчисинде калганы тууралуу кеп башка...

Материалды даярдоодо журналист Абдиламит Матисаковдун "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" очерки жана Намырбек Чокморовдун "Сүймөнкул Чокморов" деп аталган даректүү китеби пайдаланылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0