23:39 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Пожар на точке фастфуда Антошка на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик

Жарылуу болгон "Антошка" тез татым жайына акыркы жолку текшерүүдө айып салынган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)
524 0 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкендей, аталган жай көрсөтмөнү убагында аткарбагандыгы үчүн айып төлөгөн.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жарылуу болгон "Антошка" тез татым жайы акыркы жолу былтыр, жыл аягында текшерилип, кемчиликтерди жойбогондугу үчүн 2019-жылдын башында айып салынган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы ирет инспекциянын кызматкерлери тез татым жайына ушул жылдын 27-февралында барышкан.

"Ал күнү мурдагы текшерүү маалында берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча контролдук текшерүү болгон. Анда тапшырманы аткарбагандыгына байланыштуу КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесине ("Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") ылайык айып салынып, толугу менен өндүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Инспекциядан билдиришкендей, өкмөттүн бизнести текшерүүгө салынган мораторийинин негизинде 2019-жылы текшерүү жүргүзүлгөн эмес.

"Ага карабастан Бишкек шаардык региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору ири субъектилерди өзгөчө кырдаалдарга жеткирбөө, өрт кырсыгынын чыгышын алдын алуу максатында Бишкек шаарында жайгашкан кафе-ресторандарга, базарларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат", — дешти инспекциядан.

Ал жактан кошумчалашкандай, жарыяланган мораторийге байланыштуу инспекция кызматкерлери мындай объектилерди арыз болгон учурда гана текшере алат.

Эске салсак, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бир кызматкер көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Белгилей кетсек, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизген. Мораторий текшере турчу 10 мамлекеттик органга тийиштүү. Алардын арасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы дагы бар.

Тема:
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)

Тема боюнча

Милиция: тез татымдагы жарылууда көз жумган кыз 21 жашта болгон
Тез татымдагы жарылуу: жаракат алгандардын жаш курагы жана абалы айтылды
Белгилер:
текшерүү, жарылуу, тез татым, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ