17:01 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу

Тез татымдагы жарылуу: жаракат алгандардын жаш курагы жана абалы айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)
314 0 0

8-ноябрда Бишкектин чок ортосундагы тез татымдагы жарылуудан 14 адам жабыркап, бир кыз каза болгон.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги тез татымдагы жарылуудан жаракат алган адамдардын абалы боюнча маалымат берди.

Бүгүн, 9-ноябрь, саат 10.00гө алынган маалымат боюнча ооруканада жети адам жатат. Анын ичинен экөө жаш балдар. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алты адам жаткырылган. Экөөнүн абалы оор.

Жаракат алгандардын тизмеси:

  • Ж. к. М. 18 жашта, терисинин 3 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;
  • Т. К. 12 жашта, денесинин 5 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;
  • У. у. С. 15 жашта, денесинин 5 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;
  • Д. И. 17 жашта, денесинин 12 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;
  • Б. Б. 26 жашта, денесинин 30 пайызы күйгөн, абалы оор. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду;
  • А. Б. 30 жашта, денесинин 25 пайызы күйгөн, абалы оор. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

Мындан сырткары, 29 жаштагы Б. к. А. Токсикология бөлүмүндө жатат. Ал түтүнгө ууланган, абалы туруктуу.

Бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө, бардык дары-дармектер менен камсыздалган.

Эске салсак, 8-ноябрда саат 13.40тар чамасында Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 14 адам жабыркап, ал жерде иштеген бир кыз каза болгонун билдирди. Жаракат алгандардын жетөө жаш балдар.

Тема:
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)

Тема боюнча

Мэрия тез татымдагы өрттөн жабыркаган балдардын абалын айтты
Милиция: тез татымдагы жарылууда көз жумган кыз 21 жашта болгон
Белгилер:
оорукана, күйүк, жаракат, жарылуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ