Сулуу эмес деп аялын балдары менен кетирип салган бар. Камкорчу менен маек

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш келин көз жашын көлдөтө жардам сурап турду. Тамтыгы кеткен батир, эч нерсе жок, бопбош. Эки чүрпөсү да чырылдайт, экөөнүн тең карды ач... Бир апта өтпөй "Добрые руки" тобунун негиздөөчүсү ошол үй-бүлөнү жаңы батирге көчүрүүгө көмөктөшкөн.

Фазиль Турсуновдун ашып-ташкан байлыгы деле жок, бардар бүлөдөн деле чыккан эмес. Ата-энесинен эрте ажыраган. Бир күнү ал социалдык медиага жарыяланган катардагы эле билдирүү кыйын күнгө кабылган кишинин турмушун өзгөртчү күчкө ээ экенин аңдаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековОснователь группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов
Сулуу эмес деп аялын балдары менен кетирип салган бар. Камкорчу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Основатель группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов

— Жардамга кол сунган биринчи киши туурасында айтып берсеңиз.

— Бир жыл мурун жардамга муктаж Бактыгүл аттуу жаш келин жөнүндө жаңылыкты окуп калдым. Төрт баласы менен жесир калыптыр. Баш калкалар турагы, жээрге тамагы жок... Социалдык медиадагы ал посттун алдында "Ошончо бала төрөгөн соң аларды багыш өзүнүн көйгөйү" дегендей сөздөр менен байкуш келинди талоонго алышкан.

Бактыгүлдү аядым. Ага 5 миң сом бере аларымды айттым. Ошондон кийин ага жардам көрсөткүсү келген ондогон адам мага кайрыла баштады. Бактыгүл үйүндө көмүрү жок экенин, муздаткычы бош экенин айткан.

Азык-түлүк сатып алдык, жардам бергиси келген балдарга телефон чалдым, алар көмүр түшүрүп беришти. Баары ошентип башталган. Ал туурасында социалдык медиага жаздык... Мактануу үчүн эмес, бирөө зарылып турганда кол сунгандан кемип калбай турганыбызды башкалар да түшүнсүн дедик. Социалдык медианын Facebook менен Instagram өңдүү бутактарынан баракча ачып койдум.

Жардамга муктаж адамдар аябай көп. Тилекке каршы, баарына көмөктөшүп жетише албайсың, күчүң да, каражатың да түтпөйт. Ошондуктан толук эмес үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар балдарга жардамдашабыз. Бир эреже бар: эмне керек болсо, жардам беребиз, тиричилик техникасын алып берип, чатырын жаап, дары-дармегин алып беребиз, бирок колго акча карматпайбыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековОснователь группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов
Сулуу эмес деп аялын балдары менен кетирип салган бар. Камкорчу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Основатель группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов

— Айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн башкалардан көптү үмүт этип, догуруна жардам күтүшөрүнө да күбө болуп жүрөбүз. Сизден пайда гана көрүүгө умтулгандарга да кабылган чыгарсыз...

— Кайрымдуулук ишмердикти баштоого түрткү болгон Бактыгүл айым көңүлүмдү калтырган. Тикмечиликти бекер үйрөнүп алуусун өтүндүм, эгер сертификат алып чыкса, тигүү машинасын сатып бермекмин. Эки жума араң чыдап окуду да, курсту таштап салып дайыны жок болуп кетти. Бирок кийин кайра келип, тигүү машинасын талап кылды. Макулдашуубузду эсине салдым, кайра мага жинденсе болобу.

Менин милдетим — татаал кырдаалга тушуккан адамга жардамдашуу, аны алдыга умтулууга багыттоо. "Адамга балык бер — бир күн тое жейт. Балык уулоону үйрөт — өмүр бою ток болот" деген сонун накыл кеп бар эмеспи. Көпчүлүк башканын колун караган мажүрөө турмушка кайыл, аларга баары карыз деп ойлошот. Ыңгайлуудур, бирок күрөшүү керек да.

Руководитель общественного объединения Жатакана жаштары Эрбол Абдыбеков - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун 100гө чыккан мугалими карылар үйүндө. Ыктыярчы менен маек
Бактыгүлдүн окуясы аргамды түгөттү. Ал балдарын окууга жибергенге каражаты жок экенин айтып кайра жардам сурады. Бир араб уюмуна катталууну сунуштадым, ал муктаждарга айына 12 миң сомдон берип турмак. Бактыгүл маңдайы жарыла сүйүнүп макул болгон. Көрсө, ал эбак ошол уюмдан жардам алып жүргөн экен, мени жөн гана алдап коюптур.

Башка учурлар да болгон. Мисалы, Бишкектеги 8-кичирайондун 60 жаштагы тургуну жардам сурап келди. Пенсия алат экен, балдары Бишкекте турат. Ошентсе да кайрымдуулук менен алектенип жаткан соң биз ага көмөк көрсөтүүгө тийиш экенбиз. Акча, азык-түлүк талап кылды, биз ага батир ижаралап, бардык зарыл нерселер менен камсыздообуз керектигин айтат. Арзаныраак райондон батир ижаралоону сунуштасам ачууланып, элди алдап жатасың деп кыйкырып кирди. Ушундайлар да кездешет.

— Сизге кайрылган акыркы кишинин окуясын баяндасаңыз.

— Бишкектин бир тургунун күйөөсү жаш аялмет экенине карабай кетирип салат. Ден соолугу начар экен, анан да балдарынын атасы анын чырайын жактырбайт имиш. Ал келин кудай жалгап Шлагбаум жактан батир ижаралоого каражат табат. Бирок аны үй деш да кыйын, дубалдары сыйрылган, жепирейген бир батир. Эч кандай шарты жок, муздак, суук. Жолукканыбызда ыйлап, кайдыгер карабай кол сунганыбызга ыраазычылык билдирди.

Бул үй-бүлө жөнүндө социалдык медиага жаздым, ондогон адам кол сунууга даяр экенин билдирип, акча которуу үчүн банктагы эсебин сурай башташты. Баарына акчалай жардам бербей турганыбызды айттым, анан кайрымдуу бирөө бир жылга батир ижаралап, азык-түлүк жагынан да каралашып турмакчы болду.

Жүрөк жылытарлык дагы бир окуя болгон. Уулунун бөйрөктөрү иштен чыга баштаган киши чалды, жумасына эки ирет гемодиализ алышы шарт экен, ага каражаты жок. Бир процедура 100 доллар, айына 800 доллар керектелет. Ал үй-бүлөгө жардам берүү үчүн саламаттык сактоо министринин орун басарына кайрылдым, ал биздин топто бар. Көп өтпөй баягы киши мени издеп таап, көзүнө жаш ала ыраазычылык билдирди, уулу акысыз дарылана турган болуптур.

© Sputnik / Табылды КадырбековОснователь группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов
Сулуу эмес деп аялын балдары менен кетирип салган бар. Камкорчу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Основатель группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов

— Милиция, салыкчылар тарабынан текшерүү же бут тосууларга кабылган жоксузбу?

— Кудай жалгап мени көп милиционер жана башка мамлекеттик кызматкерлер колдоп келишет. Андай кишилер жардам берип жатышканын айтышпайт дагы. Мисалдар оголе арбын, "Добрые руки" тобунун мүчөлөрү жасаган жакшылыктарды бир нече саатта санап бүтө албайсың. Кимисине телефон чалып жардам керектигин айтпайын, баары кол сунууга даяр. Алар баш тартпайт, себеби ишенишет, чындап көмөктөшкүлөрү келет.

Бир жолкусунда биз ресторандар түйүнү, бир нече фонд жана жергиликтүү ашпозчулар менен сүйлөшүп, карылар үйүнө даамдуу тамак уюштурдук. Үч казан палоо басып, майрам куруп бердик. Ал жактагы ата-апаларды көрүп, жүрөгүм тилинди. Андай жерге ата-энесин кантип таштап салышат, түк түшүнө албайм...

— Укалоочу болуп иштейт эмессизби. Жакындарыңыз кайрымдуулукка көп убакыт сарптаганыңызга кандай карашат?

Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо - Sputnik Кыргызстан
Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо
— Башында түшүнбөй, эмне зарылдыгы бар деп сурап жүрүштү. Атам да, апам да жок, каралашар кишиң болбосо, ач-ток жашаган кандай экенин билем. Чайдын ордуна кант кошулган суу ичүү эмне экенин билем, себеби болгон тамак ошол...

Көп бүлөлүү элек, тогуз бир тууганбыз, мен тогузунчу баламын. Атам аты жаман кеселден өтүп кеткен, апам бизди жалгыз чоңойтту. Дал ошол тушта Советтер Союзу ыдырап, мамлекет тарабынан берилчү бардык жеңилдик, жардамдардан куру калдык.

Апама кол кабыш кылуу үчүн мектептен соң фермага барып, малчы болуп орношком. Биринчи маянамды 1997-жылы тапкам, 20 сом болчу. Апам аны кайдан алганымды сурап, анан фермага барып тактаган соң гана ынанган. Андан көп өтпөй апамдан айрылып калдык.

Баарына бир нерсе айткым келет: ата-эненин баркын билгиле. Алардан айрылып калганча мунун канчалык маанилүү экенин аңдабапмын. Адам эртең эле өтүп кетиши мүмкүн, сиз жакшы көрөрүңүздү айтууга үлгүрбөйсүз, ийнине башыңызды коюп, майда-чүйдөдөн кеп салууга жетишпей каласыз...

© Sputnik / Табылды КадырбековОснователь группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов
Сулуу эмес деп аялын балдары менен кетирип салган бар. Камкорчу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Основатель группы "Добрые руки" Фазиль Турсунов

— Кайрымдуулук ишмердигиңизде көңүлүңүздү катуу ооруткан учурдан кеп салсаңыз.

— Муктаж адамдар аябай көп экени, ал эми мамлекет алардын абалына көңүл бурбаганы көңүл чөгөртөт. Майыптыгы бар балдар, саламаттыгы өтө начар карыялар көп, аларды көрмөксөн болушкандай туюлат кээде. Бирок кыйын күнгө кабылган бир кишиге эле кол сунсаң, баары өзгөрөрүнө күбө болуп жатпайбызбы.

Адамдардын бирөөнүн колун карап жашоо кадыресе көрүнүш экенине чындап ишенип алганын түшүнбөй кетем. Бирок өлкөбүздө тааныбаган эле бир кишиге көмөктөшүү үчүн убактысын аябаган кайрымдуу адамдар арбын экени кубандырбай койбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0