Жээнбеков Усубалиевдин атын Бишкектин бир районуна берүүнү сунуштады

Жазылуу
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

БИШКЕК, 6-ноя. - Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган филармониядагы иш-чарада анын ысымын Бишкектин бир районуна берүү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандын тарыхында кадырлуу жетекчинин бүтүндөй доорду камтыган өмүрү менен иши чоң орунду ээлейт. Мекенине өтөгөн эмгеги дайыма элдин эсинде калат.

"Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белгиленген беш жылдык мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрп-Сай ГЭСине анын аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиев өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак туура иш болот деп ойлойм", — деди ал.

Президент өз сөзүндө Усубалиевдин өмүрү барыбызга өрнөк, улуу сабак, өлкө үчүн таза иштөөнүн үлгүсү экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0