Жалал-Абадга кире бергендеги арканы оңдоого кеткен 8 млн. сомдун чоо-жайы

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад шаарына кире бериштеги арка
Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Объект 2001-жылы курулуп бүткөн. Ошондон бери биринчи жолу реконструкцияланды. Курулушка жалпы 9,5 миллион сом жумшалган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арканы реконструкциялоого сарпталган 8 миллион сом жалаң эле оңдоо иштерине жумшалбаганын билдирди.

Ремонт во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула - Sputnik Кыргызстан
Кожомкул атындагы спорт сарай миллиондогон сомго оңдолду. Сүрөттөр
Буга чейин калаанын оозундагы арка 2001-жылы курулуп, ошондон тарта биринчи жолу оңдолуп-түзөлүп жатканы айтылды. Ага 7 миллион 894 миң сом сарпталган. Ал эми бул иштерге Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусунан 14 миллион сом бөлүнгөнү айтылган. Арканы орнотууга 9,5 миллион сом жумшалганы маалымдалган.

Түркбаевдин айтымында, 8 миллион сомго арка оңдолуп, андан тышкары, айлана-тегерегине арчанын көчөттөрү отургузулуп, дубалдарына кымбат баалуу гранит таштары чөгөрүлгөн.

"Фонддон тышкары жергиликтүү бюджеттен да 550 миң сом каралган. Жалпы жонунан 8 миллион 450 миң сом короттук. Колубуздан келишинче сарамжалдуу болууга аракет кылдык. Тегерегине арчанын көчөттөрүн отургуздук, дубалга гранит таштарды чөгөрдүк", — деди ал.

Белгилей кетсек, реконструкция 2019-жылдын март айынан тарта жүргүзүлүп келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0