Бишкекте жүргүнчү аялды троллейбуста чылым чекти деп айыпташууда. Видео

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүКурение на одной из улиц Москвы
Курение на одной из улиц Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автордун "Эмне себептен коомдук транспортто чылым чегип жатасыз?" деген суроосуна видеонун каарманы өтө одоно жооп берет.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жүргүнчү аялды Бишкектеги №7 троллейбустун ичинен чылым чекти деп айыптап жатышат.

Видео социалдык тармактарга тарап, анын автору окуя Ак-Өргө жаңы конушунда болгонун айтат. Ошондой эле видеону тартып жаткан киши аялдын коомдук транспорттун ичинен чылым чеккенин кошумчалайт. Ал эми жүргүнчүнүн колун артка алып туруп, кийин ачык айнектен бир нерсени ыргытып жибергенин байкоого болот.

Автордун "Эмне себептен коомдук транспортто чылым чегип жатасың?" деген суроосуна видеонун каарманы: "Эс алчы, сен мага прокурорсуңбу?!" - деп жооп берет.

Автор бул кадрларды Facebook тармагына жүктөп, Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевди кошо бергилеген. Ал өз кезегинде кол алдындагыларга аталган троллейбустун айдоочусу менен сүйлөшүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0