Журналист Чынара Токонованын тажиясы качан кайсы жерде болору айтылды

Жазылуу
Токонова 37 жаш курагында оорудан улам кечээ, 4-ноябрь күнү, көз жумган. Ал экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканада эле.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Журналист Чынара Токонованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-ноябрь күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында өтөт. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

Эске салсак, журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам кечээ, 4-ноябрь күнү, көз жумган. Ал экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканада эле.

"Чынаранын сөөгү эртең Новопавловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы өзү жашаган үйдөн саат 10.00дө чыгат", — дешти жакындары.

Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кезде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0