Токмоктогу айлампа жолдо жүрүүнүн эрежеси өзгөрдү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүДорожный знак, обозначающий круговое движение
Дорожный знак, обозначающий круговое движение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББ жакын арада Чүй облусундагы бардык айлампа жолдорго жаңы эреже киргизүүнү пландап жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Токмок шаарына кире бериш жердеги айлампа жолго жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Запуск пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Кайгуул милициясы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү
Эми бул жолдо айлампа жол менен, башкача айтканда, "айлампанын ичинде" жүргөн унааларга жол бошотулат. Белгилей кетсек, Бишкек шаарында дал ушул эрежелер иштейт.

Буга чейин республикалык маанидеги көчө (Токмокто — Жантаев көчөсү) башкы жол болуп саналып келген. Ушул жол менен шаарга кирип, андан ары Ысык-Көл менен Нарын облустарына кетүүгө болот.

ЖКККББ жакын арада жаңы эреже Бишкек — Нарын — Торугарт (13-чакырымы, ГЭС-5), Алматы — Бишкек — Ташкент (238-чакырымы, Маевка) жана Бишкек — Ош (60-чакырымы, Кара-Балтага кире бериш жерде) автожолдорунун айлампа кесилиштерине киргизиле турганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0