Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат. Таблица

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектрические счетчики в мастерской Калининградэнерго
Электрические счетчики в мастерской Калининградэнерго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө ала турган болду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош калааларында жана жети облуста электр кубатын пайдаланууга лимит коймокчу. Бул туурасындагы токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Документ "КРдеги калкты жана экономика тармагынын 2019/2020-жылдагы кышкы-күзгү учурга даярдоо" деп аталат. Анда министрлик менен ведомстволорго жабдууларды, социалдык объектилерди кышка даярдап, көмүр менен камсыз кылууга буйрук берилген. 

2019/2020-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу учурунда электр кубатын пайдалануу боюнча киргизилген лимит
Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат. Таблица - Sputnik Кыргызстан
2019/2020-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу учурунда электр кубатын пайдалануу боюнча киргизилген лимит
"Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларына (макулдашуу менен) электр кубатын пайдаланууга коюлган лимиттин сакталышын көзөмөлгө алууга тапшырма берилет", — деп айтылат маалыматта.

"Улуттук энергетика холдинги компаниясына" электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар менен биргеликте электр тармактарындагы жоготууларды болтурбоого чараларды көрүү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0