Ош шаарына эртеңден тарта жылуулук берилет

© Фото / Михаил ДудинДостопримечательности города Ош
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук биринчи кезекте оорукана, бала бакча жана мектеп сыяктуу бир катар социалдык объектилерге берилет.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Эртең, 5-ноябрдан тарта, Ош шаарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Жылуулук биринчи кезекте оорукана, бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилерге берилет.

"Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы Ош ЖЭБине 319 көп кабаттуу үй, 200 менчик турак жай, 88 бюджеттик уюм карай турганын билдирди.

Мындан сырткары, ЖЭБ беш өнөр жай ишканасы жана 298 мекемени жылуулук менен камсыздайт.

Бишкекте жылуулук берүү сезону 1-ноябрда башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0