Сак болгула! Бир сааттын аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

© AFP / Behrouz MEHRIПоследствия тайфуна Трами в городе Кагосима
Последствия тайфуна Трами в городе Кагосима - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта башында жааган жамгыр карга айланып, абанын температурасы борбор калаада -5 градуска чейин төмөндөйт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта бүгүн, 4-ноябрда, жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүндүгү айтылат.

Мындан улам ӨКМ тургундарды сак болууга чакырат.

Буга чейин синоптиктер апта башында жааган жамгыр карга айланып, абанын температурасы борбор калаада -5 градуска чейин төмөндөй турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0