Бишкек ТЭЦинде түндө эмне күрү-гүү болду? Энергетиктердин жообу

Жазылуу
Түндө Бишкектин чыгыш тарабынан чыккан катуу үн көпчүлүк шаар тургундарында суроо жаратты. "Электр станцияларынан" окуянын чоо-жайын түшүндүрүп беришти.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде түндө өндүрүш процесстери болгондуктан катуу үндөр чыкканын "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

4-ноябрда түндө "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына шаар тургундары ТЭЦ тараптан катуу үндөр чыгып жатканын жазып тынчсызданышкан болчу. Айрым колдонуучулар катуу үн шаарга жакын учкан учактан чыгышы ыктымалдыгын божомолдошкон.

"Электр станциялары" ишканасы ТЭЦте эч кандай авария болбогонун айтып, өндүрүштүк иш-чаралар, башкача айтканда, механикалык жабдыктарда жылуулукту айландыруу аракеттери жүргөнүн белгилешти.

Учурда жылуулук берүүдөгү температура толук сакталып, көмүрдү алып келүү иштери график менен жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Бишкекке жылуулук 1-ноябрдан тарта берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0