Кимдин тамашасы курчураак? Адистер эркектер менен аялдарды салыштырды

© Sputnik / Алексей Ладыгин / Медиабанкка өтүүКуудул Евгений Петросян и жана Елена Степаненко. Архив
Куудул Евгений Петросян и жана Елена Степаненко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар окшош болгон 28 изилдөөнү салыштырган. Юморунун кандай экендигин аныктоого беш миң кишинин катышканы айтылды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Орто эсеп менен алганда эркектер аялдарга караганда жакшыраак тамашалай аларын Улуу Британиянын психологдору аныктап чыккан. Бул туурасында Psychology Today жазды.

Окумуштуулар окшош болгон 28 изилдөөнү салыштырган. Юморунун кандай экендигин аныктоого беш миң адамдын катышканы айтылды. Бирок алардын канчасы эркек, канчасы аял киши экендигин так маалымдашкан жок.

Ирландец развеселил скорбящих родственников на собственных похоронах. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ирландиялык киши өзүнүн тажыясында ыйлаган элди күлдүрдү. Видео
Тажрыйбага салынган кишилерди тамашалап көрүүнү суранышкан. Алардын ичинде карикатуранын алдына юмору бар жазуу калтыруу тапшырмасы да болгон. Жыйынтыгында эркектердин 63 пайызы аялдарга салыштырмалуу жакшы тамашалай тургандыгы аныкталган.

Психологдор бул бардык эркектердин акылы аялдарга караганда курчураак дегендик эмес деп эскертишти. Алар комедиялык актрисалардын тамашасы бардык эркектерден 99,9 пайызга ашып кетерин билдиришкен.

Эркектердин тамашага жакындыгын адистер кызыктуу жагдай менен түшүндүргөн. Изилдөөгө таянсак, алар аялдардын көзүнө түшүп калыш үчүн бири-биринен ашып тамашалашат экен.

"Кыз-келиндер адатта тамашакөй эркектерди тандашат эмеспи. Ошол эле учурда эркектер аялдардын тапкычтыгына, тамашакөйлүгүнө анча деле маани бербейт деле", — деп айтышкан окумуштуулар.

Иликтөөдө аялдар юморго анча жакын эмес деген пикир басымдуулук кылгандыктан, коомдун таасири кыз-келиндердин тамашакөйлүгүн арттырууга тоскоол болушу мүмкүндүгү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0