Күйөөдөн чыккан кызым кууратып бүттү. Айласы кеткен эненин муңу

CC0 / Pixabay / Jan VašekПроблемы с ожирением
Проблемы с ожирением - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөдөн чыккан кызын түшүнө албай жаткан эненин каты жарыяланды.

Психологго кат жазууга аргасыз болдум. Күйөөдөн чыккан кызымды түшүнө албай, көптөн бери кыйналып жүрөм. Абалымды баштан-аяк айтып берейин.

Эки кыз, үч эркек балам бар. Уулдарым үйлөнүп-жайланган, кыздарым дагы турмушта. Бирок экинчи кызым (кичүүсү) ордун таба албай койду. Баарыбыз көзүн карап жатып эрке өстү. "Көзүн көп карабасаңчы" десем болбой атасы жакшы эле эркелетти, оозунан чыкканын алып берчү. Ошентип жүрүп турмушка кеч чыкты. Анысын да туугандар аркылуу таап, тааныштырганбыз. Дүркүрөтүп кыз узатуу тоюн өткөрүп, себин бергенбиз. Бир балалуу болгондон кийин анысы менен ажырашып кетти. Эмне болгонун сурасак айтпайт.

Кыска юбка кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм сүйгөн аялга теңеле албай койдум. Жан дүйнөсү кыйналган келиндин каты
Андан бери төрт жыл өттү. Неберем бешке чыгат, кызым кыйраткан жумушта иштебейт. Атасы берген акчага ыраазы. Эки-үч жумушка кирип, кайра эле чыгып кетти. Кесиби боюнча экономист. Азыр неберемди биз карайбыз. Өзүм 60ка таяп калдым, абышкам 65те. Кичүү балам үй-бүлөсү менен, абышкам экөөбүз, кызым уулу менен, баарыбыз бир үйдө чогуу турабыз.

Эки үйдүн балдары урушуп кетсе кимисине болушарды билбей, ортодо абышкам экөөбүз бушайман болчу болдук. Кызымдын күйөөсү менен жарашчудай түрү жок. Эми бир адам менен бир жылдан бери сүйлөшүп жатыптыр. Анысынын алары же жөн эле сүйлөшүп жатканы белгисиз. "Эмне кылайын деген оюң бар. Күйөөң менен ажырашып же күйөөгө тийсең боло" десең эле балээсине каласың. "Менден кутула албай жатасыңарбы?" деп беттен алат. Өзү 30дан ашып күйөөгө тийген. 2-3 жылдан кийин 40ка чыгат. Келечекте кандай план, максаттары бар экенин билбейм. Же туруктуу жумушу жок, жаш кыздай. Атасы экөөбүз өмүр бою анын жанында жүрбөй турганыбызды түшүндүрөм. Ага деле болбойт.

Энемин да, көзүбүз өткүчө бир жерден орун-очок алып, өмүрлүк жарын таап алса деп ойлойм. Бирок анын мүнөзү, жашоого болгон көз карашы башкача. Мени санаага салып, чачымды агарткан ушу кыз болду. Башка балдарым өздөрү менен өздөрү. Жашоо-турмушубуз деле жакшы. Ушул кызыма, анын келечек тагдырына, небереме сарсанаа боло берип бүттүм. Кандай кылып кырдаалды жакшы жакка өзгөртө алам. Жардам берип, көзүн караган сайын минтип жүдөө болуп жатат, карабай коелу десек баласы бар. Азыркы сүйлөшүп жаткан немеси да кандай болду экен деп сарсанаамын.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Өспүрүмдөргө психологиялык кеңеш берген борбордун психологу Бегайым Атабекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Психолог: зордук-зомбулуктун айынан үйүнөн качкан балдардын көбү айылдан
Ата-эненин баланы кичине кезинен туура тарбиялоосу маанилүү. "Кичүүсү болгондуктан эрке өстү" деген - бул жөн гана шылтоо. Анткени кичүүсү болуп туруп деле жоопкерчиликтүү чоңойгондор көп. Эрке өскөн баланын баары эле жалкоо болуп калбайт. Бул аялдын кызы баары көзүн карай берип бала бойдон калып калган. Өзү эне болсо да бала багуу жоопкерчилигин ала элек. Анткени азыр да ата-энеси ага баарын даярдап, белендеп койгон. Өз алдынча болсун десеңер, өзүнчө бөлүп койгула. Баласын багыш үчүн жумуш табат, иштейт. Айланчыктап оозунан чыкканын аткара берсе, бардык эле адам жалкоо, чечкинсиз болот да.

Экинчиден, дайыма кызыңар үчүн чечимди силер кабыл ала бересиңер. Ошондуктан ал чечкинсиз болуп калган. "Биринчи күйөөсү менен деле биз тааныштырганбыз" деп жатасыңар. Балким ошол себептен да экөөнүн жылдызы келишпей калгандыр. Бул ирет анын эркине койгула, өзү чечсин. Анан "30дан аштың, 40ка чыгайын деп калдың" деп кыйнап күйөөгө бергендин кажети жок. Балким, кызыңар экинчи жолу дагы турмуштан адашып калбайын деп ойлонуп жүргөндүр.

Менин кеңешим, баласын кызыңардын өзүнө берип, бөлүп койсоңор өзгөрөт. Уул же кызына эне мээримин төгөт, жоопкерчиликтүү болот чыгар. Кыйынчылык көрмөйүн адам чечкиндүү да, жоопкерчиликтүү да боло албайт эмеспи. Башында бир аз кыйналса, андан кийин силерге рахмат айтат. Бөпөлөп, көзүн карай берсеңер кийин мындан да жаман болуп калышы ыктымал. Анткени баласы чоңоет.

Суунун боюнда отурган түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Камкор кайнагамды жактырып калдым. Келиндин каты
Ата-энелерге дагы бир айтарым, балдарды "бул жакшы, бул жаман. Анын мүнөзү жакшы, мунун мүнөзү начар" деп эч качан бөлбөш керек. Бала тарбиялоодо материалдык жактан гана камсыздай бербей көбүрөөк мээрим төгүп, жакшы сөз айтып, алар менен баарлашып, сүйлөшүп, көбүрөөк убакыт бөлгүлө.

Кат жазган эже, кызыңыз менен көбүрөөк сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Сырдашыңыз, эмне маселе, көйгөйү бар экенин сураңыз. Психолог менен да көзмө-көз отуруп сүйлөшүп, ал тургай психотерапиядан да бир жолу өткөрүп коюу ашык болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0