Кой-Таштагы биринчи операция үчүн күч түзүмдөрү жазаланабы? Жээнбековдун жообу

© AP Photo / AKIpressШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы биринчи күнү ишке ашпай, "Альфа" бөлүгүнүн жоокери каза болуп, бир нечеси жаракат алган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Быйыл 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай кан төгүлгөнү үчүн күч түзүмдөрүнөн кимдир бирөө жазаланышы керекпи? Мындай суроо президент Сооронбай Жээнбековго ЖМК жетекчилери менен болгон жолугушуу учурунда берилди.

Өз кезегинде Жээнбеков азырынча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатканын айтып, жеке оюн билдирүү туура эмес болорун белгиледи.

"Буга күч түзүмдөрүнө тигил же бул күнөөлүү деп баа бере албайм. Мамлекеттик комиссия текшерип жатат, азыр бир нерсе деп айтсам аралашып жатат деши мүмкүн. Ишти атайын комиссия, сот териштирсин. Жыйынтыгы боюнча парламентте доклад беришет", — деди Жээнбеков.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Эч кимди аябайм! Жээнбеков сот реформасы кандайча жүрүп жатканын айтты
Мындан сырткары, ал экс-президенттердин кол тийбестигинин алынышы боюнча пикирин билдирди.

"Мен дагы өз келечегимди ойлошум керек, кийин да мага суроолор жаралбагыдай иштешим кажет. Кол тийбестик болсо президент кезиңде каалаганыңды калчоого жол ачат. Менин да үй-бүлөм бар, менден кийин да бирөө келет. Эми мен да туура эмес иш жасасам, тиешелүү жазаны алам. Ошондо гана өлкөдө тартип болот", — деди президент. 

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок тарапташтарынын каршылыгынан улам ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, Ички иштер министрлиги операция жүргүзүп, натыйжада Атамбаев багынып берген. Эки күндүк кагылышуунун кесепетинен УКМКнын "Альфа" бөлүгүнүн жоокери каза болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0