23:09 29 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8490
  • RUB1.1195
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2071 0 0

Тарыхтагы улуу адамдардын урпагы азыр кайда жана эмне менен алектенет деген суроо баарына эле кызык болуш керек. Айрымдары ата-тегинин жолун жолдобосо дагы атын жайылтуу менен алектенип келишери маалым.

Алардын бири Сагынбай Орозбаковдун небереси Келсинбүбү Кадыркулова. Аны менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек куруп, манасчынын балдары, турмушу жана урпактары учурда эмне менен алектенерин сурады.

Маалымат катары айта кете турган болсок, Сагынбай Орозбаков — кыргыз рухунун туу чокусу болгон "Манас" эпосунун миң сандаган саптарын көкүрөккө кыт куйгандай сактап, биздин күнгө жеткирген улуулардын, залкарлардын бири. Орозбаковдон жазып алынган "Манас" 180 миң 378 сапты түзөт. "Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Бул ваританттагы тулпарлардын эле саны 129га чукул. Манасчы 1868-1930-жылдары жашап өткөн. Ысык-Көлдүн күнгөй тарабындагы Кабырга деген жерде жарык дүйнөгө келип, бирок Кочкордо турган.

— Манасчы Сагынбай Орозбаковдун кандайча урпагы болосуз?

— Сагынбайдын эң кичүү кызы Бүбүйранын кызымын. Сендей тоголок келген киши болгон деп мени таятама окшоштурушат. Мен төрөлгөндө туугандарыбыздын көбү армияга кетиптир. Жакшы тилек менен атымды Келсинбүбү коюшуптур. Мен үйдө сегиз бир туугандын улуусумун. Сагынбайдын кемпири Сайнап мени үч айыман 7-классыма чейин өз колунда багып чоңойтту. Мен таятамды өз көзүм менен көргөн жокмун. Ал апам 6-7 айлык кезинде каза болуптур. 

Внучка Сагынбая Орозбакова Келсинбубу Кадыркулова во время беседы на радио
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун жээн небереси Келсинбүбү Кадыркулова. Ал таятасынын атын жайылтуу менен алек.

— Таенеңизден таятаңыз Сагынбай тууралуу көп сурасаңыз керек. Алардын үй-бүлө курушу, бала-чакасы жөнүндө айтып берсеңиз?

— Сагынбай таятам Ормон хандын Чаргын деген уулунун баласы Калпактын кызы Сайнапка баш кошкон. Бай үй-бүлөдө чоңойгон ак сөөк таенем ал убакта 13 жашта экен. Жубайлар эки уул, төрт кыздуу болушат. Биринчиси Назырбүбү, экинчиси Токтобүбү, андан кийин Бурулбүбү, андан соң Амангул, Жамангул аттуу уулдары, эң кичүүсү менин апам — Бүбүйра.

1916-жылкы Үркүндөн кийин таятамдын агасы Алишер катуу ооруп каза табат. Салт боюнча Алишер атамдын жубайы Марияны Сагынбай таятама алып беришет. Таенем кайнагасынын балдары үчүн деп, күйөөсүнүн экинчи жеңе-аялы менен батышып, абысыны менен бирге жашап калат. Таенемдин айтымында, Мариянын кыялы чукул, эрке, тилдүү, бирок оокатты жакшы жасаган аял болуптур. Ага атаандашып теңелбей, кайнагасынын арбагын сыйлап, "мейли" деп койчу экен. Абышкасы дагы "Сайнап, мени кечир, салт ушундай экен, сенден сурабай туугандар мени ушул ишке байлады, өзүң акылдуу жансың, Марияга теңелбей эле койчу" деп кечирим сурап турчу экен.

Кийин "эки аялы бар" деп Сагынбай таятамды куугунтуктай башташат. Агезде ал киши "Манасын" жаздырып баштап, толуктоо иштери калыптыр. Жаздырууну улайын деп айылдан алыс, Көл тарапка Мария апа менен кетет. Таенем жаш балдар менен үйдө калып, жеңесине жол бошотуптур. Көлдө бир нече жыл туруп "Манасын" жаздырган экен.

Таятам каза болгондон кийин Мария турмуш куруп Чүйдүн Кегетисине кетип калат. Бир кыздуу болгондон кийин кайра үйгө келет. Туугандар кабыл алыптыр. Кызынын атын Токтокан коюп, Сагынбайдын кызы деп күбөлүк алган экен. Мария апа 1962-жылы каза болот. Жамангул таякем зыйнатын жасап, энеси катары акыркы жайына өзү узатыптыр. 

Фотография манасчи Сагынбая Орозбакова и его детей в книге Келсинбубу Кадыркуловой Сагынбайдын урпактары
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Жогоруда манасчы Сагынбай Орозбаков, жана жубайы Сайнап Калпак кызы. Алдында уулдары Аманкул менен Жамангул

— Адатта улуу өнөр тукум кууйт эмеспи. Сагынбай Орозбаковдун өз балдары да манас айтса керек?

— Эки кызы тестиер кезинен тарта атасын ээрчип манас айтып, элге дагы таанылып калган экен. Такшалып калганда турмушка чыгып кетишет. Бирок экөө тең биринин аркасынан бири каза табат. Алгач таятамдын экинчи кызы Токтобүбү күйөөгө тиет. Анын күйөөсү өтө заар, орой киши болуптур. Аялынын манас айтуусуна каршы чыгып, "Манас дегенди кулагыма угузба!" деп күндө уруш баштап, таяктап турчу экен. Манасын айтпайын десе, касиет-рухтар айткын деп кыйнайт. Ошентип ал кыйынчылыктарды көтөрө албай туттугуп каза болуптур.

Андан кийинки, үчүнчү кызы Бурулбүбү турмуш кургандан кийин тартынып, өзү эле манас айтпай коет. Бирок аны да касиет-рухтар "манас айткын, болбосо тукумсуз өтөсүң" деп кыйнашат. Ошондой убактарда оозунан көбүк чыгып ээси ооп жыгылып, анан манас айтканда эсине келчү экен. Күйөөсү Токой Бурулбүбүгө жакшы мамиле кылыптыр. Ал ага "кыйналбай манасыңды айта бер" дечү экен. Бирок жоош, тартынчаак Бурулбүбү таежем "келин болуп туруп кантип айтам, эл эмне дейт" деп болбой коюптур. Акыры манасчылыкка баш ийбей, ал дагы туттугуп 20-21 жашында каза болуптур. Таенем эрте көз жумган кыздарын эстегенде "манасын сыртка чыгарбай, ичине түшүп кетти" деп сыздап калчу.

Таенем эки кызынан кийин төрөлгөн Амангул деген уулунан дагы айрылып, күйүткө батты. Амангул тууралуу таенем: "Тирүү болсо кудум атасындай кең далылуу болмок, ага түспөлдөш болчу. Атасынын көзү өткөндөн кийин манас айта баштаган. Түбүң түшкүр согуш! 1946-жылы уулумдан кабар болбой калды", - деп айтчу эле.

Амангул 8-9 жашынан тарта манас айтып, кийинчерээк анын "Алманбеттин Сыргакка айткан арманы" деген жери "Ленинчил жаш" гезитине чыгыптыр. Мындан тышкары, ал элдик ырларды ырдап, өзү дагы ыр жазчу экен. 1939-жылы Моквадагы өнөрпоздордун биринчи декадасында манас айтып, мамлекеттик ишмер Михаил Калининдин өз колунан алтын саат менен сыйланыптыр. 1940-жылы 14-15 жашында "Советская Киргизия" гезитине "Юный манасчи Амангул" аталышындагы макала чыккан. 

Фотография детей манасчи Сагынбая Орозбакова в книге Келсинбубу Кадыркуловой Сагынбайдын урпактары
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кадыркулова: Сагынбай таятамдын эки кызы тестиер кезинен тарта манас айтып, элге дагы таанылып калган экен. Такшалып калганда турмушка чыгып кетишет. Бирок экөө тең биринин аркасынан бири каза болушуптур.

— Эки кыз, бир уулунан башкасы өнөрдөн оолак болгонбу?

— Амангулдан кийинки уулу Жамангул Сагынбай таятам каза болгондон кийин бизге каралашкан адам болду. Таянемди аяп окубай дагы коюптур. Көп жыл шоопурлукту аркалаган. Эрке, жашык киши болчу. Кээде манас айтып, ыр жазып калчу экен. Бирок таянем аны дагы жоготуп алуудан коркуптур. Ошол себептен шаарга барып окууга өтпөй калганда аябай сүйүндү. Жамангул таякем эки жолу үйлөнүп балалуу боло албай, үчүнчү жолу балалуу келин Калбүбүгө үйлөнөт. Анын ээрчитип келген кызы Рая "май көтөн" болуп, аркасынан бөбөктөрү төрөлөт. Таякем менен таянемдин сөөгү Балыкчыга коюлду.

Таянем менен таятамдын улуу кызы Назырбүбү Кеминдеги Алмалууда жашап өттү. Бала-чакалуу, неберелүү болгон. Таятам иниси Сырканбектин кызы Кайымды дагы багып алып, өзүнө каттатып алган экен, ал дагы очор-бачар болгон.

Ал эми менин апам Бүбүйра таятам каза болгондо 6-7 айлык наристе экен. Апам акылы тунук, куйма кулук, сөзгө чечен болчу. Апам Сагынбай таятамдын, Амангул таякемдин аттары өчпөсүн деп жүгүрүп, бул маселелер боюнча Чыңгыз Айтматовго, Турдакун Усубалиевге чейин кирип жүрдү. Анын иштерин эми мен улантып келе жатам. 

— Таенеңиз Сагынбай атанын кайсы сапаттарын белгилеп айтчу эле?

— Таятам өтө берешен адам болуптур. Өз үй-бүлөсүнөн дагы элдин камын ойлоп, манасчылык менен тапкан нерселерин элге таратып коюп үйгө куру кол келген күндөрү болчу экен. Сагынбай атамдын өнөрчүлүктөн тышкары устачылык да таланты болуптур. Тагыраагы, жаргылчакты жакшы жасаптыр. Жаңы жасалган оокаттын ээси бат эле табылып, сурап келгендерге берип салчу экен. Таенем бир нерсе десе, "капаланба, байбиче, мен үйдөмүн да, дагы жасап берем" дечү экен.

Таятам элдин адамы болгондуктан, бүт бардык түйшүк таенемдин мойнунда болду. Ал чыгармачыл адамдар менен жер кыдырып кетчү экен. Манасын айтып, сыйлыкка бир топ мал алып, бирок аны жолдон жолуккандарга эле кармата берчү адаты бар эле дечү. Жолдон жолуккандар "Саке, табылгадан бизге дагы бөлүшө кет" дешсе, акыркысы болсо дагы берип салып, үйгө эч нерсеси жок барган күндөрү көп эле болуптур.

Таенемдин айтуусунда, 1920-жылдары Казань шаарынан үйгө өзгөчө белектерди алып келиптир. Анын ичинде чайнек да бар экен. Биздикилер агезде самоорго эле чай кайнатып ичишчү да. 1950-жылы өзүмдүн апам турмушка чыкканда таенем ошол чайнекти себине кошуп, "кызым, атаңдан калган белек, жакшы урун" деп бериптир. Ал чайнекти манасчынын жайнамазы менен кошо "Манастын" 1000 жылдыгында Кара-Саз айылындагы Сагынбай Орозбаков атындагы мектептен Таласка алып кетишкен. Азыр алар "Манас Ордодогу" музейде сакталуу турат.

Внучка Сагынбая Орозбакова Келсинбубу Кадыркулова во время беседы на радио
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Кадыркулова: Жолдошум менен беш эркек балалуу болдук эле. Манас айтып жүргөн эки балам каза болуп калды. Убагында аларга көңүл буруп койбогонума өкүнөм.

— Тарыхта таятаңыздын ооруп каза болгону айтылат.

— Ал манасты айтканда эргип, төгүлүп, көл-шал болуп тердечү дешет. Ошондон улам болсо керек, көкүрөгү ооруп жүрчү экен. Таенем май жемейинче тура алчу эмес деп калат. Өмүрүнүн соңку жылдарында Ыбырай Абдрахманов менен иштешип, Ысык-Көлдө "Манасын" жаздыртыптыр. Үйдөгүлөргө катуу ооруп жатканынан кабар беришкенде, Сырканбек жана Абдыракман аттуу агаларым араба менен алып кетүүгө жөнөшөт. Жолдо бара жатканда таятам "Сайнаптын кашына барсам экен, ага оор болду, балдар жаш эле, эми кантээр экен" деп кобураптыр. Орто-Токойго жеткенде "Ай... өзүмдөн аска чыкты, жээндериме ооду" дептир. Үйгө жетип ичкери киргизишкенде, сөз сүйлөгөнгө алы келбей көз жумуптур.

— Жогоруда Сагынбай Орозбаковдун манасчылык өнөрү жээндерине оогонун айттыңыз. Өзүңүз жана туугандарыңыз манас айтышабы?

— Жолдошум менен беш эркек балалуу болдук. Манас айтып жүргөн эки балам каза болуп калды. Убагында көңүл буруп койбогонума өкүнөм. Ырымдап койсом жолдору шыдыр болмок беле деп калам. Бирөөсү армиядан келе жатканда поездде балдар эки жаат болуп уруша кетип, белге тик күрөк менен жептир. Ооруканалап жүрүп көзү өтүп кетти. Экинчи балам өзүнөн өзү эле ооруп жан берди. Аттары Майрамбек жана Чыңгызбек эле. Манас айтып Алматыдан Москвага чейин барып келишкен. Бирок 90-жылдары манас баркталчу эмес, шылдыңдоого да дуушар болушту. Калган үч балам учурда курулуш тармагында эмгектенишет.

Бир тууган сиңдим Кеңешбүбүнүн уулу Максатта да бар. Бирок кичинекей кезинде ата-энеси коркуп, молдого алып барып касиетин байлатып салышыптыр. Эми кайрадан айтса керек деп күтүп жатабыз.

Мен деле кээде чыгарма жазып, манас айтып калчумун. Бирок жолдошум каршы эле. Анүстүнө телефонист болуп иштечүмүн. Кулактын кужурун алган жумуштан кийин эч нерсе кылганга дарманың келбей калчу. Ошентип жүрүп касиетимди жоготуп алдым. Жолдошум менен ажырашкандан кийин кайрадан чыгармачылыкка кирише баштадым. Эки китеп чыгардым, үчүнчүсү даярдалууда. Таятамдын атын жайылтуу менен алекмин. 

Обложка книги Келсинбубу Кадыркуловой Сагынбайдын урпактары на столе
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Келсинбүбү Кадыркулова таятасынын 150 жылдыгына арнап "Сагынбайдын урпактары" аттуу китеп чыгарган

— Өнөр адамдарынын урпактары ата-энебизге тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат деп айтып калышат. Сизде дагы ушундай өксүк барбы?

— 1967-жылы таянем Сагынбай таятамдын 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде өтөт деп аябай даярданган. Абышкасы кайрадан тирилип келчүдөй толкунданып, жаңы көйнөк, жаңы маасы алдырып, мааракени кайсы күнгө коюшар экен деп күтөт. Бирок, тилекке каршы, өтпөй калат. Таянем дагы эки жыл мааракени белгилеп калышар деп үмүт үзбөйт. Кийинки жылы катуу ооруп, өтүп кетти. Ал каза болгондон 25 жылдан кийин таятамдын 125 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, арбагына куран түшүрүү үчүн Кытайдын Кызыл-Суусунан улуу манасчы Жусуп Мамай келген. Иш-чара Кочкор району менен Бишкек шаарында өтүп, Кара-Саз айылында Сагынбай Орозбаков атындагы мектепте музейи ачылган.

2017-жылы таятамдын 150 жылдыгы дагы өтпөй калды. Кайра-кайра президентке чейин кат жаздым. Баш-аягы 35 жолу кат жазып, кайра ошончо ирет жооп алыптырмын. Көрсө президенттик шайлоого туш келип калыптыр. Бул боюнча журналисттер жазып чыкты, Нарындагы жаштар коому көтөрүлдү, анан бир жылдан кийин өттү. Ошол мааракеге арнап "Сагынбайдын урпактары" деген китеп чыгардым. "Сагынбайдын урпактары" деген фонд дагы ачтык. Ишке ашырайын деген пландар көп. Атабыздын атын жайылтууда туугандарыбыздын бардыгы жапа тырмак киришпегени кээде өкүндүрөт.

Тема боюнча

Гимн менен "Манастын" автору Жалил Садыков тууралуу 5 факты
Дарыгер, баатыр, саякатчы. "Манастагы" кан Бакай тууралуу 15 факты
Белгилер:
Сагымбай Орозбаков, маек, өлүм, үй-бүлө, өнөр, манасчы, Манас, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ