Ошто 28 жаштагы келин үч эм төрөдү

© AFP / Bagus KurniawanРождение ребенка в Палембанге
Рождение ребенка в Палембанге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында быйылкы жылы үч эмдин төрөлүшү экинчи ирет катталууда. Ал эми былтыр үч эне үч эм балдарды жарыкка алып келген.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ош шаардык перинаталдык борборунда 28 жаштагы келин үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

үч эм балдар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөлгөн үч эмдерге кандай жардам берилет?
Билдирүүгө ылайык, аял 28-октябрда көз жарган, ымыркайлардын баары эркек. Биринчи наристе 1,770 килограмм, экинчиси 2,690 жана үчүнчүсү 2,855 килограмм салмак менен төрөлгөн. Азыркы тапта эненин жана балдардын ден соолугу жакшы экени айтылат.

Эскерте кетсек, Ош шаардык перинаталдык борборунда бул жылы үч эмдин төрөлүшү экинчи жолу катталууда. Өткөн жылы аталган борбордо үч эмден үчөө төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0