Бийликке ишеним милиционерден башталат. Жээнбеков тартип сакчыларын куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезентация цифровизированного командного центра в Бишкеке президенту Сооронбаю Жээнбекову
Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке президенту Сооронбаю Жээнбекову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жергесинде 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөн. 1,5 миңге жакын милиционер фронтто жана оорукта душмандарга каршы күрөшүп, мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Элдин мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиция кызматкеринен башталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарадагы куттуктоосунда айтылат.

Салтанат 1-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Өлкө башчы кыргыз жергесинде биринчи жолу 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөнүн белгилеп, ушул күндөн тартып кыргыз милициясы үзүрлүү жана даңктуу жолду басып өткөнүнө токтолду.

"Биздин милициябыз Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оор сыноолорду башынан өткөрдү. Фронтко кыргыз милициясынын жеке курамынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү кеткен, алардын көпчүлүгү согуштан кайтпай калышты. 1,5 миңге жакын милиционер фронтто жана оорукта душмандарга каршы күрөшүп, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Согуш жылдары кыргыз милициясы мамлекеттик жана коомдук менчикти натыйжалуу коргогон. Согуштан кийинки, криминогендик кырдаал кыйла татаал болгон жылдары да милиция көп сандаган каармандыкты жаратты. Ал кыйынчылыктар ардагерлерибиздин эсинде", — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары, президент кыргыз милициясынын катарындагы фронтовиктер, Советтер Союзунун баатырлары Калыйнур Үсөнбеков, Иван Немцев, Пётр Сидоровдорду эскерип өттү. Ал милициянын даңктуу тарыхында Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков сындуу атактуу инсандардын аты алтын тамгалар менен жазылып калганын белгиледи.

"Кийин, 90-жылдардын башында, Советтер Союзунун тарашы менен көптөгөн мамлекеттик институттар алсырай түшкөн. Республикада уюшкан кылмыштуулук жанданган. Адам уурдоо, барымтага алуу, буйрутма адам өлтүрүү, наркобизнес, курал менен мыйзамсыз соода кылуу көбөйгөн. Рейдерлик, менчикти тартып алуу, ишкерлерди тоноо сыяктуу — бизнеске кедергисин тийгизген кылмыштар күч алган. Ушул оор мезгилде ички иштер органдары мурдагыдай эле күжүрмөн жөндөмүн жоготкон жок. Мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук тартипти коргоо үчүн, уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы чечкиндүү күрөш жүргүздү", — деди өлкө башчы.

Кишини жүзүнөн тааныган камера. Жээнбеков шектүү кантип кармаларын көрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кишини жүзүнөн тааныган камера. Жээнбеков "шектүү" кантип кармаларын көрдү. Видео
Жээнбековдун айтымында, укук коргоо органдарынын ошол кездеги натыйжалуу аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлгөн. Андан сырткары, президент өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болгонун айтып өттү.

Сөзүнүн акырында мамлекет жетекчиси кыргыз милициясы бүгүн да элге ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат өтөп жатканына токтолуп, акыркы жылдардагы жетишкендиктерин санап берди. Соңунда тартип сакчыларына амандык тилеп, албан ийгиликтерди каалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0