Бишкектин бир бөлүгү 1-ноябрда жарыксыз калат. Тизме

© AFP / FEDERICO PARRAОтключение электроэнергии в Каракасе
Отключение электроэнергии в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жогорку чыңалуудагы электр зымдарында оңдоо иштерин жүргүзөт. Жарык 3 сааттан 9 саатка чейин өчүрүлөт.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын бир катар аймактары 1-ноябрда жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Электр энергиясы өчө турган аймактардын тизмеси:

  • 09:00 – 18:00 — Абай, Медеров, Орлов, Москва көчөлөрү, Түштүк-2 аймагында, Көлмө конушу (Тынчтык, Мыскал, Теңдик, Илим, Жеткинчек, Үмүт, Мурас көчөлөрү), Ынтымак конушундагы Бозбөлтөк көчөсүндө жок болот;
  • 09:30 – 12:00 — Исанов, Рыскулов, Керимбекова, Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө;
  • 09:30 – 14:00 — Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
  • 09:30 – 15:00 — Келечек конушунда (4-6, 8-көчөлөрдө);
  • 09:30 – 16:00 — Ак-Бата конушундагы 17-19, 9-11-көчөсүндө;
  • 09:30 – 18:00 — Фере, Маяковский, Көк-Жар көчөлөрү (№94 үй);
  • 14:00 – 18:00 — Учкун конушунда (Чымындык, Үч-Тулга, Кайыңды, Миң-Булак көчөлөрүндө).

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0