11:15 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
158 0 0

Социалдык тармактардын колдонуучулары адамды жүзүнөн тааный турчу камералар менен жабдууларды кытай компаниясы алып келип жаткандыктан, маалыматтар Кытайга берилип кетиши ыктымал деген чочулоолорун билдирген болчу.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кишини бетинен тааныган камералардагы маалыматтар чет жакка кетпейт деп ишендирди.

Социалдык тармактардын колдонуучулары кишини бетинен тааный турчу камералар менен жабдууларды кытай компаниясы алып келип жаткандыктан, маалыматтар Кытайга берилип кетиши ыктымал деген чочулоолорун билдирген болчу.

Министр журналисттердин "Маалыматтар Кыргызстандан чыгып кетиши ыктымалбы?" деген суроосуна "такыр мүмкүн эмес, эч кандай маалымат берилбейт", — деп жооп берди.

Жунушалиевдин айтымында, биринчи этаптын алкагында 60 камера орнотулуп, алардын 20сы адамды жүзүнөн таануу жөндөмүнө ээ. Кытайдын CEIEC компаниясы 5,3 миллион долларлык жабдууларды алып келген. Анын ичинде камера менен мониторлор бар.

Бүгүн, 31-октябрда, Бишкекте санариптештирилген башкаруучу борбор ачылган. Ал жакка адамды жүзүнөн тааныган камералардан маалымат келип түшөт. Операторлор көчөлөргө көз салып, кылмыш болгон учурда милиция кызматкерлерин жиберет. Андан сырткары, бул камералар издөөдө жүргөн кишилерди табууга жардам берет.

Жаңы орнотулган камералар кандай иштей турганын президент Сооронбай Жээнбеков борборго барып, көрдү.

Тема боюнча

Кишини жүзүнөн тааныган камера. Жээнбеков "шектүү" кантип кармаларын көрдү. Видео
Белгилер:
Кашкар Жунушалиев, ИИМ, Кытай, камера

ЭҢ МААНИЛҮҮ