Тамак-аш коопсуздугуна Ветинспекция коркунуч жаратып жатабы? Депутаттын сыны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Зиядин Жамалдинов
Депутат Жогорку Кенеша Зиядин Жамалдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү базарлардагы лабораториялардын көбү жеке менчикке өтүп кеткенин, акча берсе каалагандай справка жазып берүүгө даяр экенин айтты.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кылган иши начарлап кеткенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү мал-жандыкты идентификациялоо иштери башталып аягына чыкпай калганын айтып, "Мекеменин жетекчиси эмне иш менен алектенип жатат?" деп суроо салды.

Ал ошондой эле базарлардагы лабораториялардын көбү жеке менчикке өтүп кеткенин, акча берсе каалагандай справка жазып берүүгө даяр экенин билдирди.

"Базарлардагы лабораториялардын бардыгы жеке менчикке берилип кетти. Аларга акча берип койсо эле каалагандай справка жазып бере берет экен. "Ош" базары менен "Аламүдүн" базарынын эт саткан жеринин абалы начар. Кандай машинада эт келип жатат? Эч кандай көзөмөлгө албайт, текшербейт. Биз бул жакты алдын ала карабасак, оору чыгып кетсе элге зыяны тийип калат", — деди депутат.

Мясоперерабатывающий комбинат в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда этти кайра иштеткен 296 ишкананын үчөө гана стандартка төп келет
Жамалдинов бул күндөрү Кыргызстандан 40 миң эшек чыгарылып кеткенин айтып, Ветеринардык инспекция ошолорго шарт түзүп берүү менен алектенип, акча жасап жатканына токтолду.

"Ветеринардык инспекция бүгүнкү күнү эмне менен алек болуп жатат? Кыргызстандан 40 миң эшек чыгыптыр, мына ошону чыгаруу менен алек болуп жатат, себеби ал жактан акча түшөт экен. Андан сырткары, чет жактан келген канаттуулардын этин киргизүүгө уруксат берип, реестрге каттоого кызыкдар. Ал жактан да акча түшөт экен", — деди ал.

Депутат "Ушундай мыйзам бузуулар болуп жатса, укук коргоо органдары кайсы жакты карап отурат?" деп нааразы болду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0