Депутат: жол кырсыктан каза болгондорго жарандык авиация күнөөлүү

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЦветы у дороги. Архивное фото
Цветы у дороги. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келдибаев жол кырсыктарынан 529 киши өлдү деген Кыргызстан үчүн чоң трагедия экенин айтып, өкмөттүн авиация боюнча кандай саясат жүргүзүп жатканына, пландарына кызыкты.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев жол кырсыктарынын көбөйүп жатышына жарандык авиациянын да күнөөсү бар экенин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, быйыл тогуз айда 4694 жол кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга көп. Ал эми каза болгондор 529 киши болсо, жаракат алгандардын саны 7265ке жеткен.

"Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү чоң трассаларда болуп жатат. Жарандык авиациянын туура эмес жүргүзгөн саясатынын негизинде ушул абалга кептелип жатабыз. Бүгүнкү күнү ички каттамдарды ишке ашырып, билетти арзандатыш керек. Ошондо биздин эл күнү-түнү жол жүрүп, өмүрүн тобокелге салбайт болчу", — деди ал.

Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
Эл өкүлү "Авиатраффик", Tez Jet, Air Manas менчик авиакомпаниялары кааласа учуп, кааласа бааны көтөрө турганын кошумчалады. Келдибаев мамлекеттик жалгыз авиакомпания эки учагын ижарага берип коюп банкротто отурганын айтты.

"Бул абалдан чыкса болот да. Учактарды ижарага, лизингге, насыяга алабызбы, айтор бир чечимге келиш керек да. №1 борттун абалы кандай экени баарыбызга белгилүү, абалы чатак", — деди ал.

Келдибаев жол кырсыктарынан 529 киши өлдү деген Кыргызстан үчүн чоң трагедия экенин айтып, өкмөттүн авиация боюнча кандай саясат жүргүзүп жатканына, пландарына кызыкты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0