23:33 19 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Тигүүчү. Архив

Бишкек менен Ошто тигүүчүлүккө үйрөнүп, иштегиңиз келеби? Кайрылчу даректер

© Sputnik / Нургуль Максутова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

Тигүүчүлүк курсу жана андан кийин иш менен кантип камсыз болуу керектигин билүү үчүн Бишкек менен Ош шаарынын райондорунун ишке орноштуруу бөлүмдөрүнө кайрылуу керек.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек менен Ошто тигүүчүлүккө бекер үйрөтө турчу курстарга тандоо башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ишке орноштуруу башкармалыгынан кабарлашты.

Ага ылайык, курсту аяктагандан кийин жумушка орноштуруу да каралган.

Окуу үч айга созулат. Курс Кыргызстандагы ири тигүү ишканалары менен бирге уюштурулган.

Толук маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу ала аласыздар.

  • Бишкектин Ленин райондук бөлүмү, телефондор: 34-36-86, 34-36-87, 34-36-96;
  • Бишкектин Биринчи Май райондук бөлүмү, телефондор: 30-37-44, 30-20-16;
  • Октябрь менен Свердлов райондук бөлүмү, телефондор 43-41-49, 43-47-39.
  • Ош шаары боюнча 0 (3222) 2-42-90 телефондоруна кайрылыңыздар.

Тема боюнча

Жалал-Абаддагы абактагылар кийим тигип, сүрөт тартып... Саамалык
Белгилер:
Ош, Бишкек, тигүүчү, курс

ЭҢ МААНИЛҮҮ