Министрлик: Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери ишин кайрадан улантты

© Sputnik / Светлана ФедотоваОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендеги нааразы болгон дарыгерлер менен облустун жетекчиси жана анын орун басары жолугуп, алардын талаптарын уккан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Нааразы болуп ишин токтотууга ниеттенген Баткен облустук ооруканасынын жамааты менен өкмөттүн өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Хирург, профессор, аталган оорукананын жетекчиси Калдарбек Абдраманов операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай тромб алынды. Сүрөт
Эске салсак, бүгүн Баткен облусунун ооруканасынын 47 кызматкери мындан ары иштебей тургандыгын айтып, арызын жазган. Ишти токтотууга айлык акынын аздыгы, педиатр, терапевт жана башка адистердин жетишсиздиги, имараттардын аздыгы себеп болгон. Жаш дарыгерлер аларга жашай турчу жер берилбегенине нааразы экендигин айтышкан.

Бул окуядан кийин министрликтин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков жана аталган оорукананын жетекчилиги ал жерде иштеген ак халатчандар менен сүйлөшкөн. Аны менен катар эле өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү жана анын социалдык маселелер боюнча орун басары дарыгерлерге жолугуп, медиктердин талаптарын уккан.

“Алардын баары бүгүнкү күндө жергиликтүү деңгээлде чечилип жатат. Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери дубан жетекчиси менен болгон жолугушууга канааттанган. Бардык кызматкерлер ишин улантып, бүгүнкү күндө элге медициналык жардам көрсөтүп жатышат”, - деп айтылат таратылган кабарда.

Буга чейинки маалыматта облустук ооруканада жалпысынан 54 адамдын иштеп жатканы айтылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0