Бишкекти быйыл да кара түтүн каптайбы? Өкмөттүн көргөн чаралары

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектин үстүндөгү кара түтүн. Архив
Бишкектин үстүндөгү кара түтүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Марлен Маматалиев Бишкекти кара түтүндөн сакташ үчүн азыр кандай иш-чаралар жүргүзүлгөнүнө кызыкты. Инспекциянын жетекчиси бул 5-10 жылда чечиле турган маселе дейт.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Жолдошбек Жунушев парламенттин жалпы жыйынында быйыл кышында Бишкекти кара түтүн каптабайт деп ишене турганын айтты.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча КР өкмөтүнүн иши жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карашты.

Депутат Марлен Маматалиев Бишкекти кара түтүндөн сакташ үчүн кандай иш-чаралар жүргүзүлгөнүнө кызыкты.

"Шаардык милиция менен чогуу автоунаалардан чыккан уулуу газдын көлөмүн өлчөп жатабыз. Бишкекти кара түтүн капташына ТЭЦтин тийгизген таасири 13-14 гана пайыз. Эң көп зыянды автоунаалардан чыккан түтүн тийгизүүдө. Бул бир-эки күндүн ичинде чечилчү иш эмес, атайын программанын негизинде 5-10 жылда чечилүүчү маселе", — деди ал.

Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: газ менен жүргөн автобустар шаар бюджетинен акча үнөмдөп жатат
Жунушев ошондой эле жеке мончолорго ар кандай калдыктарды жакпоо боюнча эскертүү берилгенин кошумчалады.

Андан сырткары, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек ТЭЦине жалпысынан 330 эскертүү берилгенин, анын 288и жоюлуп, 42си калганын кошумчалады. Калган кемчиликтерди жоюу акча-тыйынга байланыштуу болгондуктан ТЭЦтин жетекчилиги аларды оңдоо боюнча кепилдик катын жазып бергенин белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0