Трамп АКШлык аял асырап алган кыргыз кызын Ак үйгө чакырды. Сүрөт

© AFP / NICHOLAS KAMMХэллоуинге карата АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Ак үйдүн аймагында майрамдык салтанат уюштурду
Хэллоуинге карата АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Ак үйдүн аймагында майрамдык салтанат уюштурду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын президенти жана жубайы болуп түшкөн кичинекей кыздын сүрөтүн багып алган энеси Facebook баракчасына жарыялады.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Хэллоуинге карата АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Ак үйдүн аймагында майрамдык салтанат уюштурду.

Иш-чарага чакырылгандардын арасында Кыргызстандан алып кетип, америкалык аял багып алган сегиз жашар Хайден да болду. Бөбөктү Памела Аллен мындан жети жыл илгери алып кеткен.

Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания болуп түшкөн кызынын сүрөтүн энеси Facebook тармагындагы баракчасына жарыялады.

Памела Аллен чоңоюп калган кызынын сүрөтүн койгон.

Алгач кызды АКШга алып кеткенге чейин Анаркүл деп аташкан.

National Council for Adoption деп аталган бейөкмөт уюмдун сайтындагы маалыматтарга таянсак, америкалык үй-бүлө кызды багып алууга 2007-жылы арыз жөнөткөн. Анткен менен процесс беш жылга созулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0