06:34 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Электр счетчик эана шам. Архивдик сүрөт

Өкмөт: быйыл кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

© AFP 2019 / ANNE-CHRISTINE POUJOULAT
Коом
Кыскача шилтеме алуу
34 0 0

Депутат Мирлан Жээнчороев "Өкмөт электр энергиясынын баасын азайтуу же бирдей кылуу боюнча аракеттерди көрүп жатабы?" деп кызыкты.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов парламенттин жалпы жыйынында быйыл кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчпөйт деп сөз берди.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча КР өкмөтүнүн иши жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карашты.

"Кышында электр энергиясы тартыш болбойт, бардык чаралар көрүлгөн, суунун көлөмү жетиштүү", — деди Боронов.

"Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун башчысы Айтмамат Назаров быйыл коңшу мамлекеттерден электр энергиясы сатып алынбай турганын белгиледи.

Электр энергиясы Казакстандан импорттолгон жок. Аны алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Кийинки жылы суу аз болот деп жатабыз. Ошого даярдык көрүүдөбүз. Казакстанга товар алмашуу (товарообмен) менен 270 миллион кВт саат электр энергиясын бергенбиз. Азыр аны кайтарып алуу процесси жүрүп жатат. Учурда 182 миллион кВт саатын кайтарып алдык, калганын 15-ноябрга чейин кайтарып алабыз", — деди ал.

Депутат Мирлан Жээнчороев "Өкмөт электр энергиясынын баасын азайтуу же бирдей кылуу боюнча аракеттерди көрүп жатабы?" деп кызыкты.

Өз кезегинде Боронов өкмөт жакынкы күндөрү орточо чукул тарифти киргизе турганын айтты.

"Азыр документтер кабыл алынып, өкмөттө каралып жатат. Баасы өзгөрбөйт, ушул бойдон калат", — деди вице-премьер.

Ал ошондой эле калк үчүн белгиленген 700 кВт саатты чындап муктаж болуп жаткандарга бөлүп кароо боюнча ойлор бар экенин кошумчалады.

"Колдонуучулардын бардыгыныкын азайтпастан аны бөлүш керек го деген ой бар. Кээси чындап эле муктаж, кээси муктаж эмес, бирок ошол жеңилдикте отурат. Кыштын күнү калктын 82 пайызы, жайында 90 пайызы 700 кВт сааттан ашырбайт экен. Калктын 10 пайызы гана 700 кВт сааттан ашыра электр энергиясын колдонот", — деди Боронов.

Ал эми "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун башчысы Айтмамат Назаров авариялык өчүрүүлөр жылдан-жылга азайып жатканын белгиледи. Мисалы, 2018-жылдын 9 айында 3905 жолу авариялык өчүрүү болсо, быйыл 9 айда 3418 болгон. Башкача айтканда, авариялык өчүрүүлөр 12,5 пайызга азайган.

Тема боюнча

Токтогул суу сактагычында суу азбы? Энергетиктердин жообу
Белгилер:
Айтмамат Назаров, Мирлан Жээнчороев, Кубатбек Боронов, өчүрүү, электр энергиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ