Өкмөт уулуу заттарды колдонуунун эрежесин бекитти

© Sputnik / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүГотовый продкукт ООО "Сибирский серпентарий"
Готовый продкукт ООО Сибирский серпентарий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эреже өлкөдө таасири күчтүү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын тобокелчилигин төмөндөтүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында кабыл алынды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда таасири күчтүү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Бул чечим коопсуздукту камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын тобокелчилигин төмөндөтүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында кабыл алынды. Аталган коопсуздук эрежесин иштеп чыгууда Евразия экономикалык биримдигинин талаптары жана техникалык жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасы эске алынды", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев 16 аткаминерди ишиндеги алешемдик үчүн жазалады. Тизме
Белгилей кетүүчү жагдай, коопсуздук эрежелеринин редакциясы толугу менен өкмөттүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы №513 токтому менен бекитилген. Ал өзүнө уулуу заттарды алуунун, өткөрүүнүн, сактоонун, эсебин жүргүзүүнүн жана ташуунун тартиби жөнүндө көрсөтмөнү камтыйт.

Маалыматта коопсуздук эрежелери баңгизаттар, психотроптук заттар жана пестициддерге байланыштуу болгон процесстерде колдонулбай турганы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.

Кабыл алынган эреже бардык объектилерди техникалык жактан жөнгө салууга, аварияга каршы туруктуулугун жогорулатууга, ишкерликтеги тобокелчиликтердин деңгээлин азайтууга жана атамекендик, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бул объектилердин коопсуздук жаатындагы шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0