08:21 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом
Кыскача шилтеме алуу
146 0 0

Мелис Турганбаев БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгы менен ЖАМК тыгыз мамиледе экенин белгиледи.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы Land Cruiser жолтандабасын белекке берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

  • Управление ООН по наркотикам и преступности в Кыргызстане передало Государственной службе исполнения наказаний новый внедорожник Land Cruiser 200
    БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы Land Cruiser жолтандабасын белекке берди
    © Фото / пресс-служба ГСИН КР
  • Управление ООН по наркотикам и преступности в Кыргызстане передало Государственной службе исполнения наказаний новый внедорожник Land Cruiser 200
    Автоунаа шейшемби күнү "КРдин кылмыш-жаза системасы боюнча камактагы адамдар арасында экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алууну ишке ашыруу" долбоорунун алкагында тапшырылды.
    © Фото / пресс-служба ГСИН КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГСИН КР
БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы Land Cruiser жолтандабасын белекке берди

Автоунаа шейшемби күнү "КРдин кылмыш-жаза системасы боюнча камактагы адамдар арасында экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алууну ишке ашыруу" долбоорунун алкагында тапшырылды. Иш-чарага ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев, анын орун басары Аскат Эгембердиев, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыктын жетекчиси Андрей Селезнев менен ЖАМКтын борбордук аппаратынын жеке курамы катышты.

Селезнев бул белек экстремисттик идеяларга каршы күрөшүүдө жана анын алдын алууда оперативдүүлүктү жакшыртууга пайдасы тиет деген үмүттө экенин билдирди.

Ал эми Турганбаев БУУнун аталган башкармалыгы менен ЖАМК тыгыз мамиледе иштерин белгилеп өттү. Анын айтымында, кызматташкан жылдар аралыгында коопсуздукту күчөтүүдө жана абактагылардын ден соолугуна кам көрүүдө кыйла жетишкендиктер болгон.

Тема боюнча

Нарындагы убактылуу кармоочу жай оңдоп-түзөлдү. Сүрөт
Жээнбеков япон парламентарийлеринен күтүлбөгөн белек алды
Белгилер:
БУУ, жолтандабас, Мелис Турганбаев, ЖАМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ