Депутат: бюджеттин маданият үчүн каралган 3%ы да толук берилбейт

Жазылуу
Азыркы тапта Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде 2020-жылдын бюджетин бекитүү маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын 2020-жылдагы мамлекеттик бюджеттин кирешесин 183 миллиард 708,1 миллион сом деп бекитүү каралууда. Аталган суммага чет өлкөдөн алынган гранттар да кошулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында маалымдалды.

Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 9 ай ичинде мамлекеттик карызына канча төлөдү
Анда эл өкүлдөрү "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулаган.

Каржы министри Бактыгүл Жээбаева республикалык бюджеттин 1,7 миллиард сому социалдык тармактарга бөлүнөрүн билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Садык Шер-Нияз бюджеттен маданият тармагына каралган үч пайыздык каржылоо дагы деле толук кандуу ишке ашпай жаткандыгына кейиди.

"Бөлүнгөн аз каражаттын айынан маданият, адабият жаатында жаңы жылдыздар жаралбай эле шагыраган сайдын ташындай саясатчылар арбып жатканы коңшулардын алдында ыңгайсыз кылууда. Министрлер сооротуучу жооптору менен жомок айтпашы керек", — деди Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде 2020-жылдын бюджетин бекитүү маселеси каралып жатат. Эгер колдоо тапса парламенттин жалпы жыйынына алынып чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0